Аида Кулуева "Жаз"
Жанр:Поп
00:02:58
45,84 Мб
Жүктөлгөн: 16-03-2011


Сапарым жазгы жолдо, жазгы жолдо
Сарысеп салып келем оңго солго
Көркөмдүү көргөзмөсүн көрсүн дейби
Күн нуру шоолаланды кыраң жолдо
Асманга анан жерде нур таралат
Аз-аздап шык ойгонуп ыр жаралат
Эңилип жаман гүлдөр өөп кетпейби
Эртелеп бара жатсам бак аралап

Мактасаң сулуулукту жазда макта
Жашыл түс кырда, түздө, дүйүм бакта
Жамалың жамгыр чайкап эртели кеч
Таштар да өңүн ачат ушул чакта
Булбулдар көрүшкөнсүп теңи менен
Безилдеп үн алышат сени менен
Жабыркап жылуулуктан жадап турсаң
Жел аргый желпип өтөт жеңи менен

Төшөлөт чөп килемдей бут алдына
Жайылат нур жибектей кош далыма
Көпөлөк көлөкөмдөн боюн тартат
Келгенсийт кебирсинген кыш жанына
  • Currently 4.00/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (24)

16.03.2011. 16:48
 Nura
Оптимисттик маанай тартуулайт экен.Ийгилик сизге!!
16.03.2011. 18:39
 aidaikuz
мынча сонун ыр)))) уну абдан жагат,абдан мээримдуу ырчы кыз жана сулуу!
16.03.2011. 21:03
 gulya445
Аябай сулуусуз, сизге ийгилик!
16.03.2011. 21:41
 Kindersurpriz
Очень позитивная песенка!А певица красавица!!!Модератор MiranA түзөттү 17.03.2011 03:05
18.03.2011. 13:08
 NUR-KYZ
негизи эле биздин жаратылыш ото кооз, мыкты клип баракелде!!!
20.03.2011. 01:02
 nurgulya
жазды сагынып кеттим!молодец!!!
22.03.2011. 12:20
 snejinka
Аиданын кайгылуу ырларын угуп журуп конуп калыпмын, козумо башкача корунду. бирок клип жакшы экен мага аябай жакты, оригиналдуу болуптур.
11.04.2011. 12:16
 kisel
Просто суперская песня мои дети болдеют под эту музыку и клип супер.
13.04.2011. 12:31
 Jashoo
Жакшы ыр, Аида сизге албан албан чыгармачылык ийгиликтерди калайм
13.04.2011. 23:01
 DilyaKiev
Асема менен Аиданы угуп отуруп, биринде сулуулук биринде ун бар экенин байкадым, Асема актриса болуп эле элдин конулун калтырбай андан ары улашы он, ал эми Аида чиста ырчы. Кыргызки вперед!!!!!
15.04.2011. 14:46
 Дикуся
Эптеп эле ушул ырга клип тартырып коюш керек деп, клибинин санын кобойтуш учун тартып койгон.Эч кандай озгочолук жок.
20.04.2011. 10:25
 zara
Аида эжекебиз назик бийкеч болуп калган го бул клипте. Позитивдүү маанай тартуулаган клип экен. Бир гана жаш балдар менен аралашып бийлеп жаткан жердеги кийген кийими өзгөчө башындагысы жарашпай калган экен.
21.04.2011. 00:34
 samaraaa
Песня клааасс!!
03.05.2011. 16:48
 Kylym
Ыр жагымдуу экен, аа музкасына угуп атып бийлеп жибердим.Аида эже ийгилик сизге.
07.05.2011. 10:20
 SOLITARY
Я первый раз слышу эту певицу.Первое впечатление отличное. Желаю творческих успехов только!
09.05.2011. 03:51
 Alimbaev
Өткөндө айылга барсам 60ка чыккан аяаш атам Аида турмушка чыктыбы деп сурады , мен тан калдым Аидага чалдар да байкоо салат окшойт
09.05.2011. 20:08
 Kiza
Прикольный клип. Азаматсыз Аида эже, супер, ийгилик сизге....
14.05.2011. 22:08
 feya97begalieva
аии сонун ыр экен ийгилик.
17.05.2011. 04:19
 Baichechekey
Мага абдан жакты.
22.05.2011. 21:43
 taalaibekkg
аябай сонун
25.05.2011. 00:55
 salamalik
Клипт жакшы, озу да жакшы экен. Бирок, балдардын арасына турп алып бийлеп аткан жериндеги чачынын формасы жаккан жок.
03.06.2011. 19:39
 Teshmat
sonun
07.06.2011. 19:16
 Lovely
Жаккан жок! Мектеп окуучуларынын денгээлиндеги клип болуп калган. Ачык тустор болгону жакшы, бирок кээ бир жерлерде айкалышпай калган.
31.01.2012. 08:45
 toybosjigit
Аида мен сени суйом!!! Мынчалык сулуу боло бербечи берекем!!! Ушинтип жылмайып турсан да болот экенго садагам! Коздорун учун омурумду бермекмин...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: