Фархат Кеңешбек уулу "Сулууга"
Жанр:Поп
00:03:49
56,95 Мб
Жүктөлгөн: 23-05-2011


Сөзү:Р.Нарынбаевдики
Обону:Р.Нарынбаевдики

Топ кыздардын арасынан,
Көзүмө эле көрүнөсүң.
Байкап мен башта сени жүргөм,
Ай болуп төгүлөсүң.
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак,
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң.

Кайырма:

Жаным, жаныңа эле барсамбы,
Сүйөм деп айтсамбы?
А бирок айтуу кыйын,
Муңайып кайтамбы?..
Эх, сулуу, сырларыңды ачсаңчы,
Ай, жылдыздай жансаңчы.
Жомоктогу чүрөк сымал,
Периштеге айланчы.

Көркөмүң көздү суктандырып,
Койкоё басып керилесиң.
Койдуң го салып мени ойго,
Ак куудай мага сезилесиң.
Тартылып, жаным, бир өзүңө,
Ашыктык отко берилемин.
Кайырма:

Мажбурлап тунгуюкка түртүп,
Азапка салдың мени кыйнап.
Махабат дастанындай болуп,
Калбасын ак сүйүүбүз сыздап.
Басалы кол кармашып бирге,
Өмүрдүн өрүн көздөй урап

Кайырма:

Канчалык ойлонсом да,
Жүрөктөн толгонсом да.
Билбейсиң неге,
Сезбейсиң неге сүйүүмдү, жаным?

Кайырма:
  • Currently 4.96/5
(24 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

05.06.2011. 21:09
 Apsi
Farik molodes.konsertindi berse jakwy bolot ele go
06.06.2011. 17:18
 mara
ОО Фархат байке супер клип болуптур го!Эмнеге бизге алып келбей койдунуз?Сиздин ырларыныз уккулуктуу жана клиптериниз да ото соонун Чопа
19.06.2011. 15:53
 jamala92
Эн сонун!!!
30.06.2011. 19:40
 sayra.66
сонун ыр жаралыптыр
04.07.2011. 13:54
 lovusya
:)))
17.07.2011. 04:26
 akter
оо сонун ыр жаралыптыр...ектерлор аткарганы да жакшы,азаматтар!!!!
24.07.2011. 00:34
 Narynbek
Ыр дагы клип дагы жакты!Азамат.
24.07.2011. 01:53
 Kenzo
Азамат Фархад! сен таланттуу экенсин. геофакта окуп жургонундо эле ушундай белен? сага +5.
24.07.2011. 11:13
 zaripbek
азамат Фархат алгаа
05.08.2011. 23:00
 tunaev_joni
Норма
06.08.2011. 12:23
 KAKISH
соонун клип болуптур!
17.08.2011. 23:23
 Celiya
super go jakshy
18.08.2011. 15:21
 janim
Азаматсын Фархат анча мынча ырчыларга караган сага "5" деген баа.
20.08.2011. 03:13
 diana
жакшы ыр экен Фархат "5"
24.08.2011. 14:47
 aziato4ka
сонун клип экен абдан кызыктуу азаматсын ийгилик сага
29.08.2011. 19:54
 maksbekov
Азаматтт...
30.08.2011. 19:54
 Ayat
Ai ushul bala ozu ele Mykty bala, Saga 5 emes 10 upai
01.09.2011. 03:03
 REKETIR
мына ырчы деген ушундай болсо керек (СЫЙЛАЙМ)
06.09.2011. 09:40
 Pakal
Клиптеги кыз мыкты актриса экен. Ким деген кыз бул? Телефону же электрондук почтасы барбы? ким билет? Жагып калды, тоюс суйуп калдым... :)
07.09.2011. 16:12
 Eliza
супер инфо сураныч аудио жака киргизип койгулачы сурраааааааааааааанннннныыыыыыыыыыыыыычччччччччч супер инфо ссуууррраааныч мумкун болсо киргизип койгулачыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыыы
12.09.2011. 02:15
 aminali
Сонун экен жакында эле тааныштым бул ыр менен.
13.09.2011. 04:56
 Buma
jakshy boluptur, a bul yrga toylordo biydin akesin okutsa bolchuday :)
14.09.2011. 10:28
 ORIONSTAR
Клиптин башталышындагы Фархаттын сүрөтү клипке жупуну кебете берип койгом, менимче ал сүрөт ашыкча.
14.09.2011. 10:34
 Takinado
Сюжети жакшы, бирок Фархат имиджин оңдошу керек. Шляпасы жарашыксыз болуп калган.
29.10.2011. 12:33
 aza1000
айабай жакшы
19.12.2011. 02:09
 zulya
мага жакты сонун
05.04.2012. 20:12
 k-2
Мага клип жакты, очкичен бала да аябай жакшы образ жарата алат экен. прикол жери кыз баладан бою узундугу. ха-ха-ха.
07.01.2013. 15:21
 nura94
janym ty molodec
29.04.2014. 08:21
 rico
эээ жалган дуйно, бугун барсын эртен жок. Омурун кыска болсо дагы артында ырдалып калчуу сонун ырларын калды. :(
08.05.2014. 19:14
 Aimeri
жаткан жерин жайлуу топурагын торко болсун.жанганын чырак мингенин бубак болсун.жакындарындындын баарына конул айтам кайрат кылыныздар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: