Жанр:Эстрада
00:03:27
58,29 Мб
Жүктөлгөн: 01-06-2011
Сөзү:Э.Ибраевдики
Обону:Э.Мааданбековдуку
Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекелеп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.
Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим,
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан, асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кандан чыккан, асыл данегим.
Сагынганда жетер кулачым,
Самаганда жыттаар кубатым.
Башкаларга эч бир алмашпас,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Кагылайын орун басарым...