Эркин, Mr. Баха "Звездамын"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:09
74,29 Мб
Жүктөлгөн: 09-06-2011


Сөзү:Эркин Эгенбердиевдики
Саламатсызбы, ырчы байке?

Бул супер-газета "Таха",

Мен журналист - мистер Баха.

Жолуксам деген тилегим да,

Мен сизди жакшы билемин.

Элге жаңылык жиберген бизбиз,

Атыңызды такыр эле укпаптырбыз,

Деги кимсиз?!

Анда эмесе, микрофон сизде:



Саламатчылык!

Атым Альпак, псевдонимим Альберт.

Ой-ой, мен "звездамын",

Тиякта-биякта концерт.

Стилим бушлат, концертим аншлаг.

Дагы эмне десем?

Ары бардым, бери бардым,

Бүт каздым, таппадым.

Акыры “Звездамын” деген ыр жаздым,

Продюсерим жүгүрүп жатат,

Баарын бүтүрүп жатат,

А мен күтүп жатам.



Хей, мени жазгыла, тарткыла,

Газета-журналдарды ачкыла.

Чоң жаңылык болдум!

Кечээ эле тиземди сыйрып алдым.



Аха, рахмат, жакшы!

Айтыңызчы, Альпак байке,

Көппү, күйөрмандарыңыз,

Жана дагы кандай, үй-бүлөлүк абалыңыз?

Кана, кантип, кандай болуп,

Чыгат сиздин ырларыңыз?

Буга кандай кабарыңыз?



Ой-ой, көз тийбесин, ары карап түкүр,

Күйөрмандар Кудайга шүгүр.

"Голосум" - бас, тенор, альт-альт,

Кыздар мага жалт-жалт жайнайт.

Мен шайыр бала, шайдоотмун,

Азырынча бойдокмун.

Ырларымды кандай кылам, кантем,

Мына силерден жашырып нетемин?

Карап көрөм барактардан,

Сураштырам туш-туш тараптардан.

Бербей койсо тараптар,

Бар го, бизде, Кудай берген казактар.

Мен алдыга баратам,

Эки күндүн биринде хит ырларды жаратам.



Чиркин, мына, кызыктар, Жаңылык бар, кыргыздар.

Окугула, окугула, бизде ушундай жылдыздар.

Рахмат, сага, Альпак! Бизди кандай баалайсыз?

Кыргыз элине деги эле эмнелерди каалайсыз?



Рахмат, супер-газета "Таха", Бар бол, мистер Баха!

Мен чыныгы кыргызмын, ооба, мен кыргызмын,

Дагы ырчылар төрөлсүн, жылдыздар дагы көбөйсүн.

Адам болуш аста-аста, "звезда" болуш бир паста,

Жалкоолукту коёлу, эмгекчил адам бололу.

Келип тургула, мен концерт койгондо,

Чакырып тургула тойлор болгондо.



Чын эле ыр тамаша,

Бар экен чындыгына жараша.

Ырчы деген кызык ойду жаратат,

Ырчы деген баркы кетип баратат.

Да-а, ырчысың, ырларың сенин ар кандай,

Ырдагын ырларың кылымдарга калгандай.

Азыр сен жанып турган жылдызсың,

Анан сен күйүп турган жарыксың,

Бара-бара түтөп турган чыраксың.

Эй, төбөң жетип турса да булутка,

Артыңды кара, ким экениң унутпа!

Рыспай, Асанкалыйлар бар кыргызда,

Дагы көп ырчылар калды тарыхта.

Ырлары шедевр болуп келе берет,

Ырдалып эл оозунда кала берет.

Демге күч, күчкө кубат бере берет.



Ырдагыла, ырдагыла катыра,

Ооба, бизде "звездалар" толтура.

Бар арасында жакшылар,

Элдин сыйын таптыңар.

Бул силердин бактыңар,

Көтөрүлсүн баркыңар.

Алыска кетсин даңкыңар,

Ырларың сенин ар кандай,

Ырда кыймыл алгандай.

Кыргызмын деп чет элдерге баргандай.

Бир саат эле жылдызсың,

Жарым сааттан кийин жарыксың,

Беш мүнөттөн кийин чыраксың,

Андан кийин түтүнсүң. Бүттү!
  • Currently 4.52/5
(54 добуш)

Комментарийлер (116)

28.09.2011. 12:14
 zama_3657
Бар го, бизде, Кудай берген казактар. )))))))) Золотые слова Альпак))) МОЛОДЦЫ. Мы не с терпением ждем след. клип
28.09.2011. 23:09
 bakyt77
Красавчики соз жок.
04.10.2011. 18:33
 dan88
Класс!!!!
05.10.2011. 03:43
 Karkyra
Мааниси жакшы, бирок казактарсыз оокатыбыз отпой калганбы? Эмне деген соз бул?
05.10.2011. 14:01
 jani
Супеееееееер))))))
06.10.2011. 01:21
 jolmart
Молодцы!!! казактардын ырларын которуп алып эле ырдап жатышпайбы биздин ЗВЕЗДАЛАР ошону айтып жатпайбы
20.10.2011. 16:12
 Kazaf
ССССССССупер мыкты болуптур , дагы оскуло оркундогуло,,, ушундай жакшы ырлардан дагы кобуроок чыгарып тургула тарбиялык мааниси бар ыр экен , особенно азыркы жаны саны коп сапаты жок ырчыларга ылайыктуу экен
20.10.2011. 22:32
 ChonAlay07
Азаматсынар
23.10.2011. 16:00
 kazybek
болот жакшы
26.10.2011. 14:31
 aidosh18_05
Pakal мээсинен тайкы сен эле эмессин fhf,splf дагы бироо бар коркпо. кантип тушунбой элесин? бул ыр азыркы "лампочка" звездаларга арналган ыр. ЫР клип жакшы.
28.10.2011. 11:01
 Jumi_88
Эркин Баха супер соз жок
29.10.2011. 20:15
 Hanzada
Супер Мистер-Баха да журобу Ийгилик силерге
31.10.2011. 23:42
 aidosh18_05
хе бойдокун дегени Иманбековго, бар го казактар дегени Абдразаковко го ээ
02.11.2011. 22:32
 Pedro
ха-ха красава
08.11.2011. 11:27
 Beka
хихи хаха
11.11.2011. 21:43
 Rostov-on-Don
Бул ыр саны бар сапаты жок ырчыларды шылдындап ырдаган. МОЛОДЦЫ
16.11.2011. 11:25
 menedjer
прикольноооо
27.11.2011. 13:11
 gaajoo
superrr!!!jakti
29.12.2011. 23:56
 Baktygulya
хахах...НИШШШШШТЯК Челы...
11.01.2012. 23:15
 EDUARDO
прикольно)))
29.03.2012. 20:27
 mmaka55555
super clip respecTOYOU
19.04.2012. 13:05
 lime_boy
mr.BAHAнын ырларын коп-коп жуктосонор.серезный RAPAR!!!555
23.05.2012. 14:35
 landysh
Erkin azamatsyn
21.07.2012. 19:24
 koshmatov
супер аябай сонун чыгыптыр
12.03.2013. 07:56
 EMMI
мистер баха азаматсын
17.03.2013. 08:57
 sukre
уважаю, молочик! Так держать.
08.05.2013. 19:39
 Oskar777
Просто, логично и в точку! Молодцы!!!
23.08.2013. 04:28
 tokmok1
сонун экен
25.09.2013. 13:35
 Elzar01
Супер мистер баха сонун
30.11.2013. 07:23
 aziret_voin
Эң эң эң сонун ыр мага жагат
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: