Саламат "Табышмак кыз"
Жанр:Рок-музыка
00:03:54
22,71 Мб
Жүктөлгөн: 12-09-2011


Агарып чыгыш таң атты,
Көркүнө кирип айлана.
Агылып сүйүү жарыгы,
Булуттар жылат алдыга.
Тосом деп күндү шашкансыйт,
Издетпей мени табарын.
Муздак жел согуп тоо жактан,
Шыбырап айтып жаткансыйт,
Издетпей мени табарын.

Кайырма:

Сырымды ачык айталбай,
Тартынам жакын баралбай.
Табышмактуу бир кызга,
Болдум мен ашык жалындай.
Жаңырган айдай элесиң,
Жакындап дайым келесиң.
Кармайм деп колум сунганда,
Жок болуп кайра кетесиң.

Мезгилдер учат алмашып,
Баратат өтүп убакыт.
Сүйүүмдү ачык айталбай,
Жүрөгүм сыздайт кыйналып.
Алоолоп сезим жаркырайт,
Күзгүгө түшкөн шооладай.
Кыйналам таппай айламды,
Жеңе албай баскан санаамды,
Билбейсиң менин алымды.

Кайырма:

Сезимим менин таптаза,
Кири жок тунук булактай.
Жүрөктө жүрөт сакталып,
Кылымдар сени унутпай.
Дүйнөдө сүйүү бар үчүн,
Жашоонун болот мааниси.
Керемет жок андан ашкан,
Ал адамдын чоң бактысы.
Чыныгы сүйүү бир келет,
Ал назик жана морт болот.
Аярлап сактап калбасаң,
Бат эле сынып жок болот.

Кайырма:
  • Currently 4.63/5
(68 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (138)

22.09.2011. 22:43
 OdiNokaYa
Оооооо мага аяяяббббай жакты да, красавчик деле эмес но какой ритм мммм, супер! Жакты жакты жакты!!!!!!!
23.09.2011. 00:26
 mr.alaman
mmm jakshi klip. ushundai klipter kop bolsun.
23.09.2011. 16:06
 tatarin
На уровне! Одобряю... сделай песню на русском.
24.09.2011. 22:11
 Ciara
Maga jakty!!!! Molodec Salamat!!!! Algaaaaa!!!
04.10.2011. 13:44
 dostan
Мага да жакты, эч кимдин созуно конул бурбай астыга умтул
12.10.2011. 11:36
 tatarin
Саламаттын жаны ыры чыктыбы? ким билет?
18.10.2011. 00:15
 Ahmads
Кудайым буйурса биздин ырчылар мировой аренага чыгышат!!! зарубеж стильди кичине уйронуп келе атабыз.
22.10.2011. 16:13
 tori
тобооо((( конулум айланып кетти. унусу жок
22.10.2011. 16:15
 tori
жалган эле сонун дейсинер. ЭНДЖЕЙдин ыры бул ырга караганда 1000 раз лучше.
24.10.2011 13:58
provokacia
tori, ЭНДЖЕЙ экоонду тен кошуп атып эле салыш керек. Саламат азаматсын, мындай сасыгандарга конул бурба!
02.01.2012 12:12
tori
provokacia, сен коп эле тантырай бербечи. мен озумдун оюмду жаздым.
24.10.2011 16:35
tatarin
tori, ушу сен озун ЭНДЖЕЙсин. Бети жок Кой сен Саламаттын тырмагына да тен келбейсин. Андан коро сен Жанрынды ондо!
02.01.2012 12:13
tori
tatarin, мен Энджей эмесмин. мен тек кана оз оюмду жаздым...
24.10.2011 17:14
tatarin
tori, ушу сен озун ЭНДЖЕЙсин. Бети жок Кой сен Саламаттын тырмагына да тен келбейсин. Андан коро сен Жанрынды ондо!
05.11.2011. 13:08
 Heartbreaker
Мдаа..кимгедир жакса кимгедир жакпайт, мага вообще жакпады. Эч бир конулумду бура албады.
05.11.2011. 16:47
 lapyska
Бир укса болот.бул КВНчи Саламатпы?жаны стилин жакпады.кебетенди бузуп алыпсын.Акыркы убакта талаада арпанын,буудайдын,куураган чоптун арасынан клип тарткан мода болду го.Жаны изденуу жок.Атабековдун "Кара козуно" окшош начар.
07.11.2011 13:00
kanai
lapyska, кайдагы КВНчи?
13.11.2011. 02:57
 akmatoff
kruto! mnogo by takih pesen!
18.11.2011. 20:33
 lapyska
kanai анан ким мен жанагы мыкты квнчи деп ойлоп жатпаймынбы.Мен ошол Саламатты ырчы болуп кетиптир деп уккам.элдер ким билет жазып койгулачы
19.11.2011. 13:23
 kanai
ой ал Эмес, таптакыр башка бала! Бул бала окшош эмес го ага!
19.11.2011. 13:41
 akusya
бла бла бла жакпады
28.11.2011. 12:28
 salfego
кыргызстанда рокту
жандандыра бер колдойбуз
28.11.2011. 20:07
 turion
бля дагы бир Мерген Турган экен
02.12.2011 13:21
islam12
turion, Идиот озун ушундай ырдай аласынбы? Калжырап оттой бербей, а так ыр Супер!
02.01.2012 12:15
tori
turion, ахахаааа сага кошулам)))))))
29.11.2011. 13:51
 jakshibek
Клип аябай мыкты болуптур! сонун! азамат!
02.12.2011. 07:45
 LoLoPePe
jakty jakpady maga usu komennt. jazgandarynar ayabai jagat da XD
02.12.2011. 07:47
 LoLoPePe
a bul bala bolso ozunun ustundo ishteshi kerek golosu jaksy eleken bir az istese kotorulchudoi
18.12.2011. 22:32
 janyl.z
голосу эшектердин голосунан айырмасы жок экен!!!
22.12.2011 19:25
tatarin
janyl.z, сенин колунан не келет?
22.12.2011 19:29
tatarin
janyl.z, сенин колунан не келет?
15.01.2012 18:08
ZAG
janyl.z, татынакай кыз экенсиз! Бирок таалим тарбия такыр жок экен
20.02.2012. 13:53
 gita
Эх! ушул клип мага жакты!
13.03.2012. 13:20
 kambarov.90
jakwu
05.04.2012. 11:40
 nazgul8076
Жакшы ырдайт экен. Бирок, чачынын чекесин агартып алганы жакпады.
14.04.2012. 19:58
 jhanibek
оой маймылдар аябай кобойду
24.04.2012. 12:42
 elaman93
стили вообще жакпады. сен ырдабайле койчу ууфф, сенсиз деле ырчылар жетишет эле. клип бирок сонун. жон эле расход да, же акчаны кайда жумшашынды билбей, артист болуп коройун дединби? голосунду, стилинди ондобосон дальше чыгалбайсын.
21.05.2012. 08:26
 Evelet
мага жеке ысыкда суук да эмес! Чын журоктон бааари бир!
29.08.2013. 05:21
 magic
baary sonun ele yr dele bolot "moskva 1 kundo kurulup ketken emes" akterluk sapatynar jetiwpey kalgan betinerde emotsia jok :D
17.04.2014. 02:09
 Sedep
у меня нет слов
16.11.2014. 00:18
 Senuchunzhashaim
молодец! Процветай! Жакты дагы да коп ыр клиптерди кутобуз башка клиптерге караганда шугур десе болот.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: