Чубак Сатаев "Түштүк кызы"
Жанр:Ретро
00:02:52
97,63 Мб
Жүктөлгөн: 31-10-2011


Сөзү:А.Иметкуловдуку
Обону:Ч.Сатаевдики

«Аке» деген сөзүңдөн айланайын,
Акең болуш менин да самаганым.
Ушул бойдон түбөлүк калсаң экен,
Урмат-сыйды тартуулап,
Урмат-сыйды тартуулап мага ар дайым.

Кайырма:

Э-э-э-й, түштүк кызы,
Карындашым, садага,
Карындашым, садага,
Садагасы...

Канча өзүмдү сабырлуу кармабайын,
Алып эле баратат арбаганың.
Наристем, оо, назыңдан кагылайын,
Наристем, ай, назыңдан ананайын.

Кайырма:

Азырынча мен акең болуп койсом,
Анча-мынча бирөөдөн коруп койсом.
Кап этпегин, карындаш, анан, анан,
“Аке” деген оозуңдан соруп койсом.

Кайырма:
  • Currently 4.61/5
(44 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (20)

01.11.2011. 03:23
 Kulak
Ыр аябай жакшы.
- Бир кызганып, ичи куйгон чала-кыргыз "1" койгон го бул ырга. Мен "5" деген баа бермекмин.
02.11.2011. 10:30
 Heartbreaker
Эски ырларыбызга не жетсин, соннун!
02.11.2011. 21:51
 Aelina
eeeh balachakta ukkan yrlar.
03.11.2011. 07:03
 RainaDiamond
Chubak altin kiwi unu baa jetkis ar daim taazim sizge, irlarin irdap jurup chonoiduk, jatkan jeri jailuu bolsun!
03.11.2011. 15:09
 snejinka
ушул ырды укканда кичинемди эстеп кетем....Арноо концертти калтырбай корчумун-ушул ырды коп берчиледа))))
03.11.2011. 19:48
 REKETIR
чанынызды кырктырып алсаныз боло
03.04.2012 02:41
anteya
REKETIR,асмандан жаны эле тушкосун го Кыргызстанга. Чубак байкени билбеген кыргыз жок деп ойлогом.Бул дуйнодон эрте кеткени абдан окунучтуу, дагы сонун ырларды жаратат эле. Жаткан жери жайлуу болсун
14.02.2013 10:25
slim312
REKETIR, кээ бир кыргыздын кок мээлигин корсотот да... Ал учурда ушундай мода болчу да!
03.11.2011. 20:18
 Strateg
REKETIR уят эле го ушунун, ал кайдан кырктырат, тиги дүйнөгө узап кеткенине 20 жыл болуп калса.
04.11.2011. 01:06
 shako
мындай ырчы бир келет дуйного башка келбейт
05.11.2011. 16:12
 wrestling
reketir sen tanibagandan kyiyn sYiloboda
05.11.2011. 22:19
 kerim
Чубак Сатаевдин ырлары кылымга калатко.
06.11.2011. 13:31
 kgnow
РЕКЕТИР маркум болуп кеткен кишини тусу башына сын такпай эле талантына тамшанып койсон жакшы болмок тааныбасан комментебей эле койсон.
жаткан жери жайлуу болсун
талантына таазим этебиз
11.11.2011. 14:41
 janiq
“Аке” деген оозуңдан соруп койсом. - ушул жери бираз башкача болсо жакшы болмок. Бирок Ч.Сатаев легендарный адам эле...
13.11.2011. 00:42
 janyl-myrza
Сонун ыр Легендарный адам.Кылымда бир келчу
14.11.2011. 11:50
 ayd
Мен гармошка менен ойногонду билсем, ушул ырды биринчи кезде ырдамакмын! :D
15.11.2011. 17:33
 ikitaidesu
en sonun yr
17.02.2012. 04:02
 ainura_perm
Кубаныч Сатаевге атасынан,омур бою ырдаса да жете турган бир тон ырлары калган Кубанычка ыр жазып обон чыгарыштын кереги жок.а кстати бул ырды Куба байкеге Ильяз Абдразаков жаны стилде монтаждап берген ырдын башталышына Чубак озу акордеон менен черткен жерин коюшкан,анан калганын Куба байкем ырдаган..
18.04.2012. 19:24
 nuris89
ehhh tushtuk kizdarina ech kim jetpeit go
12.08.2012. 20:19
 TolonturCN
Көздөр камерадан жалтактаган, эч жасалмасыз, карапайым, жөнөкөй. мындай кербез жок азыркы учурда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: