00:03:44
63,87 Мб
Жүктөлгөн: 06-12-2011
Сөзү:И.Жунусовдуку
Обону:И.Жунусовдуку
Атыңдан кагылайын алтын апа,
Алыста жүргөнүмө санаа тартпа.
Максаты ар бир жаштын билим алуу,
Азыркы гүлдөп турган ушул чакта.
Кайырма:
Алтын апа, болбочу капа,
Уулуң үчүн, санаа тартпа.
Алтын апа, кат жазам сага,
Сен мен үчүн санаа тартпа,
Алтын апа.
Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап,
Келсе экен деп, жүргөндүрсүң күндү санап.
Максатым адам болуу дал өзүңдөй,
Элимдин керегине турган жарап.
Кайырма:
Күндө эстейм сенин туурук колдоруңду,
Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдорумду.
Оболоп, жылдыз болуп улуу максат,
Жетелеп эликтирет ойлорумду.
Кайырма: