Болот Токтобаев "Күттүм сени"
00:04:13
25,12 Мб
Жүктөлгөн: 06-08-2009

Сөзү:М.Жангазыевдики
Обону:Б.Токтобаевдики

Күттүм сени шүүдүрүмдүн тамчылары акканча,
Жеңелерим чака кармап сууну көздөй басканча.
Күттүм сени кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып, эмне мынча алдадың?

Күттүм сени күн баткандан таң сүрүлүп атканча,
үкү келип, уясына уйкусурап жатканча.
Күттүм сени жылдыз тарап жалгыз Чолпон калганча,
Жылкычылар үйүн карай эс алууга барганча.

Күттүм сени шүүдүрүмдүн тамчылары акканча,
Жеңелерим чака кармап сууну көздөй басканча.
Күттүм сени кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып, эмне мынча алдадың?
Эмне мынча жалдыратып, эмне мынча алдадың?

Күттүм сени, күттүм сени сен да мени күтөрсүң,
Сүйгөндөрдүн кайыгына калагы жок түшөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына калагы жок түшөрсүң,
Сүйгөндөрдүн кайыгына калагы жок түшөрсүң.
  • Currently 4.67/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (22)

06.08.2009. 20:41
 Duulat
Ушундай кыякта ырдалган ырлар эс алдырат да адамды. Болот байке корунбой кетти эле. жакшы ырларды жарата берсин.
06.08.2009. 22:14
 timoshek
Krutoi bratybyz bar eken go e........
06.08.2009. 22:14
 timoshek
Respect!!!!!!!!!
07.08.2009. 19:51
 Tokmok
jakshy........ :)
11.08.2009. 03:18
 KYRGYZ KULunu
jakshy sonun yr jakshy nerselerdi eskertet
16.08.2009. 11:11
 Саби
Болот байке аябай суйундум бул жакка ырынызды бергенинизди коруп.Эн жакшы озунуздун ырларынызды ырдап чыгып атканыныз.Эмнеге чыкпайт ушундай ырылары, обондору бар дечу элек.Бул ырды укканда,Студенттик кундор эске тушту.Ак Жол сизге Группалашыныз (Самара)
19.08.2009. 01:01
 курсан
Болот жакшы ырдаптырсын бирок бетинди проще кылсан болмок, слишком серезный болуп алыптырсын. Ырчыларга кулуп ырдаган жарашатко.
Сенин настроениенди коруп менир да духум тушуп кетти.
14.10.2009. 17:16
 MaRmeLaDka
Куттум сени... Кайда журуп,кимдин колун кармадын?.. Ий,кандай сонун ыр жана кандай тунук,бийик ун!!!
09.03.2010. 23:15
 Margosha
pesnya prosto wedevr.......
22.05.2010. 14:19
 bomba
Абдан жакшы, азыркы ырлардан 119ду уккандан коро мына ушундай ырдан бирди уксан кечке чейин даяр энергия да. Ээ байкеси Ажикенин абасынан бир дем алып дагы бир ушундай ыр жаратып койгонунузда, пай-пай-пай

02.07.2010. 16:59
 Мэри
Ыр сонун. Эч кандай кошумча кооздук-жасалгаларсыз эле, шокоттоолорсуз эле, оз уну менен журокко жеткире ырдаган.
Бирок бул ырчынын коп корунбой жургону окунучтуу.
01.09.2010. 11:06
 Alymbek
Негизи Болот агабыздын ырлары абдан жакшы дейт элем. Мен билгендеринен "Мен сени ушунчалык суйуп журдум", "Сагынарым" атту ырларын дагы шедевр десек жанылышпайбыз. Бирок, бул ырларды, же Болот Токтобаевдин альбомдорун такыр эле таба албадым. Эгер бироо жарым билсе ушул жерге жазып койсонор. Бишкекте жеке концерт берсе дагы созсуз барат элем.
26.12.2010. 15:01
 Nurmat
Айашава эзеско
28.07.2011. 23:03
 eduardali
сиздерден сураныч болот токтобаевдин аткаруусундагы ырлардан кобуроок жуктонуздор.
09.11.2011. 08:38
 Кайрат
Супер инфо Ушул кишинин ырларынан дагы жуктоп койбойсунарбы.
29.12.2011. 00:49
 Ashan
Мени жездешкам сооонун ырдат да....!!!
01.03.2012. 22:23
 Tooluk
башка ырларынан да жуктоп койбойсунарбы супер инфо дагы бир жолу кыйын экенинерди корсотуп
04.03.2012. 23:51
 asash04
dagi irlarinan
12.03.2012. 13:44
 erbolkaliya
Бул агайдын ырларынан коп жуктонуздорчу.агайдын азыркы турмушу жонундо да билгим келет.
13.04.2012. 18:02
 makelen007
Мп3 форматындагысы жопу бул ырдын.кимде болсо жуктоп койгулачы Болот агабыздын ырларынан болсо сураныч!!!!!!
07.05.2017. 13:23
 uranbek
рахмат Болот байке азыркы чыгып жаткан ырлардын мини да тен келбейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: