Съездбек Искеналиев "Кат жаздым"
Жанр:Эстрада
00:04:18
65,73 Мб
Жүктөлгөн: 30-04-2012


Сөзү:Т.Байзаковдуку
Обону:С.Искеналиевдики

Ышкыдар болуп гүлүңө,
Ыр жазам сага күнүгө.
Ачылсын десең кабагым,
Ай болуп чыкчы түнүмө.

Көз артпай турган сен белең,
Көкүттө калчу мен белем?
Көңүлгө батпай сагыныч,
Күн нуру менен тең келет.

Кайырма:
Арманым менин арылмак,
Асыл бир максат табылмак.
Ааламга аруу нур төгүп,
Ашыктык жолу жаңырмак.
Гүлкайыр десем, чөп дейсиң,
Гүлшайыр десем, “Өх-х” дейсиң.
Көргөнү келсем таң менен,
Көзүңдү артпай, өп дейсиң.

Ташкындап турса суу толуп,
Толкунда жүрсөң куу болуп.
Тилекке улап тилекти,
Таң нуру тийсе туу болуп.

Күн нуру өлөт, мен калам,
Күн нуру өчөт, мен жанам.
Чаңкоосун дилдин баса албай,
Шар аккан суу менен бирге агам.

Кайырма:
  • Currently 3.57/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (16)

30.04.2012. 16:42
 Abiloverlan
молодец
30.04.2012. 17:52
 koshmatov
эн жакшы
01.05.2012. 11:19
 gapar82
манилуу экен
01.05.2012. 12:15
 kolya0992
molodes jakwy yr eken jakty alga
01.05.2012. 15:09
 AshatMJ89
Обону Эркин Мукшевдин
"Осенная звездасына" окшоп калгансыйбы?
02.05.2012. 11:34
 jigit85
soonun bolupdur molodes
02.05.2012. 16:27
 cholpon8383
жакшы клип болуптур, кинону качан коробуз???
05.05.2012. 00:46
 kezjibek
азамат
05.05.2012. 14:25
 Ananasky
жакшы талантын ташкындай берсин .
06.05.2012. 04:16
 Santana
Азамат Съезд
21.05.2012. 00:24
 Romashka
Keremet
26.05.2012. 18:41
 aitolia
Cиез братан кинонорго башка эле кыз тандасанар болмок бул кыз корбой туруп эле аткара албаарын сезип турабыз!!!
23.10.2012. 21:09
 Gipariza88
Жакшы ыр экен! Супер инфо силерден сураныч Сьездбектин ырын киргизип койгулачы Мен жылкычы сен чабан Ышкырып мен ун салам деген ыры сиздерге чон рахмат
23.08.2013. 14:02
 nurjanka89
классно мага абдан жакты
26.09.2013. 22:05
 Violet
ыйым агып кетти карегимен ах чиркин
04.12.2013. 15:21
 mersedes2013
абдан сонун ыр болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: