Жанр:Поп
00:04:22
60,57 Мб
Жүктөлгөн: 18-06-2012
Сөзү:К.Урманбетовдуку
Обону:Алекстики
Ээрчитип Акбараны жанына,
Эргидим Ала-Тообуз барына.
Сейиттей тарткым келет сүрөтүн,
Сен болбо караан үзгөн жаныма.
Адашкан Ильяз болуп зарыкпай,
Аселим табам издеп талыкпай.
Таалайым алыстагы ак кеме,
Барайын сүзүп адам-балыктай.
Кайырма:
Байсалдуу саманчынын жолу, саманчынын,
Байланып, бала кезден көктү каранчымын.
Байкасам, улуу көчтү улап Чыңгыз кербен,
Байсалдуу саманчынын жолу, саманчынын.
Ак сүйүүм – эрте жазда каркыра,
Жакшы күн жадырасын калкыма.
Турмуштун маңкуртуна айланбай,
Кыргыздын жетели биз баркына.
Кайырма: