Эрлан Андашев, Турдакун Ниязалиев "Кудай экен"
Жанр:Эстрада
00:03:17
32,26 Мб
Жүктөлгөн: 17-07-2012


Сөзү:Надырбек Алымбековдуку
Обону:Турдакундуку

Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган Кудай экен

Абаны сулуу кылган ырай экен,
Адамды сулуу кылган чырай экен.
Чырайлуу табиятты тартуу кылып,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген,
Кудай экен.

Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган Кудай экен.

Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан кучтуу кылган,
Баарынан кучтуу кылган,
Баарынан эстүү кылган,
Кудай экен

Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен,
Мезгилдин арыз муунун айта жүр деп
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган Кудай экен.


  • Currently 4.67/5
(24 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (56)

19.07.2012. 17:24
 aimkan
Эрлан Андашев азамат! Аябай мыкты клип болуптур! Супер Хит!!!!

+555555555555555555555555555555555
19.07.2012. 17:28
 Albina84
Kandai sonun ir
20.07.2012. 11:44
 erke85
Урматтуу Турдакун! сенин чыгармачылыгына соз жок! Азаматсын!
20.07.2012. 18:44
 arsen27
Азаматсын Эрлан байке! Ырыныз аябай сонун болуптур! Орозо айтка дайындап жазгансыз окшойт!!!
22.07.2012. 19:46
 Karysh
Эмнеге корсотпой жатат жэ менде интернет начарбы карап коюнуздарчы сураныч
22.07.2012. 20:34
 Nona
Irdin maanisi jakwi, birok klip nachar
23.07.2012. 01:06
 xinata
м м м не0чень!!!
23.07.2012. 11:04
 aimkan
мыкты эле клип! Эмнеси жаман?
23.07.2012. 11:42
 jipara333
Азамат Эрлан Андаш!!! Мыкты клип!!! Ырдын мааниси аябай катуу экен!!!
23.07.2012. 19:29
 kani86
Ырга соз жок, бирок клипте ката бар, ыр колдун шарпылдаган толкуну менен башталат,ошол учурда балдар колдун жээгинде эмес тоодо журушот го....
23.07.2012. 22:32
 jipara333
Билбейм мага аябай жакты!!!
25.07.2012. 19:36
 bakitjan
Негизи Эрлан Андаешдин баардык ырлары мага жагат! Азамат! ичи куйгондор пожарный машинаны чакырсын!
25.07.2012. 19:40
 jamik44
mp3 вариантын кайсы жерден кочуруп алса болот??? Мага шилтемесин ыргытып койгулачы суперчендер
26.07.2012 09:20
AGAT
jamik44,
http://www.super.kg/media/?type=audio&id=69177
бул шилтеме аркылуу өтүп, уга аласыз.
26.07.2012. 13:28
 jamik44
Чон рахмат, Agat!!!
26.07.2012. 13:37
 zulayka
Аябай мыкты клип болуптур! Ырдын мааниси жакшы! А тетиги жанындагы кайсы звезда??? Эрлан менен ырдайын деп звезда болоюн деген го
26.07.2012 13:52
FIANIT
zulayka, Тетиги жанындагы звезда - Турдакун деген жигит, ошол мааниси жакшы ырды жазган.
28.07.2012 13:35
gaspar43
zulayka, баары эле звезда болгусу келет да! Мен да эртен Мирбек Атабеков менен ыр жазсамбы )))))
28.07.2012. 13:34
 gaspar43
Ырдын мааниси жакты! Клип кышында тартылып, жана жайында коргозгону аябай кызык болду. Кышты сагынып кеттим!
29.07.2012. 20:37
 egoiste
эн сонун ыр болуптур. мага аябай жакты. клип да жакшы. хит параддарда алдынкы орунду ала турган ыр болуптур.чыгармачылыгынды кудай озу колдосун
29.07.2012. 20:38
 egoiste
Эрландын продюсери Айбек эмес Эркин деген бала.
31.07.2012. 12:11
 gaspar43
Эркин деген?
03.08.2012. 15:41
 olga56
Туткан орозонор кабыл болсун! Аябай жакшы клип болуптур! Мыкты ыр! Кудай сени колдосун!!!!
03.08.2012. 15:45
 timatikg
Классная песня!!! Я верю в бога!!!
06.08.2012. 17:58
 erik_sakiev
кимге окшоштуруп ырдаса да ырдаса болдуда баары жакшы эле
07.08.2012. 16:58
 timatikg
Туура айтасын! адамча болуптур ээ
09.08.2012. 12:12
 kairgul
Мыкты ыр болуптур! Кышты сагындым
03.09.2012. 23:47
 molly
Турдакун азамат!
04.09.2012. 00:09
 bekbolsun19
ushul erlan degen neme irdabai ele uyuno barip kartoshka kazsa deym da..
14.11.2012. 21:13
 kyrgyzkizi
Azamatsinar Kyrgyzymdyn jigitteri irdin maanisi jakshi eken....
24.12.2012. 17:02
 Samalisha
Бул ырдын автору Турдакун Ниязалиев - ыймандуу, таланттуу жигит. Аны менен бирге окугам. Аллах, Мухаммад Пайгамбар (САВС, ыйманга угуттоо жонундо мыкты ырлары бар. Бул ырдын коркун чыгарган Эрлан эмес, ырдын автору Турдакун!
04.12.2013. 20:25
 Robin_777772012
Ушул ырды уккан сайын журогум тынчтанып,жакшы маннайга толуп...Кубанам
11.12.2015. 23:23
 STAN_KG
Турдакун азамат, болгону сүрөттү дарактарга чапташтырбай эле койбопсуңарда!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: