Бегимай Бекбоева "Атама"
Жанр:Поп
00:04:16
25,82 Мб
Жүктөлгөн: 01-09-2009


Сөзү:И.Кадыровдуку
Обону:Д.Кыдыковдуку

Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш чал чабдар атчан.
Калыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң ай, жашайт тура.
Беш миң жыл арча деле.

Кайырма:
Мүмкүн сен болот элең,
Абышка аппак сакал.
Ызаттап, калк кадырлап,
Ар сөзүң болуп макал.

Уулуңдун уулун көрүп,
Турбадың мээрим төгүп.
Ошону эстегенде,
Чиркин ай, жүрөктү оюп.
Түшүмө кирчи дагы,
Кайраттуу мурункудай.
Жүрөктө жүрчү дайым,
Эч качан унутулбай.

Кайырма:
Сага арнап, сени эскерип,
Эч нерсе жасай албай.
Тек гана жүрөм эстеп,
Атаке, атакебай.

Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш чал чабдар атчан.
Калыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң, ай, жашайт тура,
Беш миң жыл арча деле.

Кайырма:
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (24)

01.09.2009. 18:25
 kyrs
Браво Бегимай. Абдан соонун ырдаптыр,
клип да соонун тартылыптыр. И голос нештяк!!!
01.09.2009. 19:48
 andormeda
Красивая песня, красивая исполнительница короче отлично!!!
02.09.2009. 21:42
 Bais
Фантастика! Мындайды кордунор беле деги?
03.09.2009. 09:23
 mik
жакшы.
04.09.2009. 00:52
 kyrs
Ушул клипти тарткан режиссерго айтмакмын, Фатима ва Зухрадай фильм тартса болчудай экен.
Клип чисто таза тартылыптыр.
04.09.2009. 11:12
 argen
кыргызча эле...озбектен алыптыр.
04.09.2009. 22:10
 шахзода
Ийййй билбейм эмнегедир жакпайт да ушул кыз
05.09.2009. 00:11
 kyrs
Эми жакпаса укпай эле койбойсунарбы,жазып чыкпай эле.Мисалы мен жакпаган ырчыларды даже ачпайм.Ар ким озуно озу жагат шахзода сен красавица окшойсун ээ?
09.09.2009. 13:27
 alinca
мега жакты мен биринчи уккада озумдун атамды эстеп ыйладым, дагы деле уккан сайын атам коз алдыма келип элестете берем мааниси жакшы обону, клип анча эмес
12.09.2009. 12:24
 dilara
Begimay azamatsin!Bul ir mazmuunu teren ir.Atanin kadirin barktap irdap estelik kaltirdi!Ak jol Begimka!
14.09.2009. 09:27
 studentka
Здесь Бегимай очень красивая
16.09.2009. 09:31
 Барби
клип жакшы тартылыптыр, бирок Бегимай ото берилип ойноп жатам дегени ишке ашпагандай корунот.
16.09.2009. 09:42
 Агата Кристи
аракети бар, бирок эмнегедир ушул кыздын коздору башкача да. тике караган коздордун бири экен. ыр жакшы, бирок аны ийине жеткире ырдай алган эмес.
18.09.2009. 18:33
 Единственный
фильм ужасов... триллер тартса болот экен режиссер...
18.09.2009. 22:01
 Japalak
Опять, то же самое. У нас у каждого певца есть подобное: Атама, Апама, Придумайте что нибудь новое! Неужели думать не умеете. Неудивительно никто не слушает кыргызские песни.
21.09.2009. 12:59
 Kanoya
Атанын алдында бийлебей эле койбоптур.Калганы жакшы эле.
29.09.2009. 16:09
 Best Girl
Короче, это уже бонально...
01.12.2009. 12:56
 Danil
abdan sonun...
soz jok
12.12.2009. 16:38
 сокол
Действительно душевная песня, молодец
05.05.2010. 01:34
 эленура
Клип абдан сонун тартылган жана обону да жакшы, чыгармачылыгына ийгилик БЕГИМАЙ!!!
03.06.2010. 19:56
 almasbek
озбектердин ырын которуп ырдаганды токтотсон!
Кыргыз элинин намысына ЧЫЧПАЙ
баякы озбектердин ""мафтун" тобунун "алло-алло жакшы кыз" деген ырын ырдаганында аябай аллергия болом.
дагы обону Жолдошбек Апасов
созу Женишбек Жумакадыров
деген аябай эле уят
17.10.2010. 16:33
 zada
ырдын мааниси соонун экен.
25.09.2011. 22:52
 Tina.davlet
Begimaydyn bawka yrlaryn go bilbeym,li4no uwul yry maga ayabay jagat,baardyk yrlardan en berilip ukkan yrym uwul,ka4an atamy estegen sayin uwul yrdy internetten taap ugam jana yr butkon4o yilaym,yrdagany da klibi da ayabay sonun kanday bolso da
02.01.2015. 13:17
 etaj_rus79
бул ырды уккан сайын атамды эстей берем ошол себептен кайра кайра укум келе берет аталар дайым бар болгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: