Алмаз Шаадаев "Кечир мени"
Жанр:Поп
00:03:47
47,52 Мб
Жүктөлгөн: 14-01-2013


Сөзү:Лариса Асанбекова, Сүйүндүк Бектурганов
Обону:Мирлан Абдраев

Кечир мени, көргөн кезде сүйүнсөм,
Кечир мени, сүйөмүн деп бүгүлсөм.
Санааңды бүт көкүрөгүң үшүтүп,
Самаайыңа сары кардай күбүлсөм.

Кечир мени, тынчыңды алып кыйнасам,
Кечир мени, кош деп коюп кыйбасам.
Кечир мени, жоготконду көп издеп,
Көөдөн толгон кусалыкты тыйбасам.

Кайырма:
Кечир мени, эшигимди бекиттим,
Гүл көтөрүп сунбаймын мен, кечиктим.
Көңүл бүрүн байкабастан сындырып,
Айрылуунун ачуу үнүн эшиттим.

Жамалыңа болбой эле арбалдым,
Неге мынча унута албай кармалдым.
Айланчыктап үмүтүм эч үзө албай,
Мен өзүмдүн сезимиме алдандым.

Кайырма:

Жаралгансып менде сезим ушундай,
Калгым келди сени колдон учурбай.
Буйурбаптыр сени мага акыры,
Жүрөк сайрайт тоонун жалгыз кушундай.

Кайырма:
  • Currently 4.32/5
(28 добуш)

Комментарийлер (29)

14.01.2013. 15:39
 Isken_tv
Аябай жакшы клип болуптур, ыры да уккулуктуу, кочество 100%
14.01.2013. 15:54
 Rucalka
Жеткиликтуу болуптур.
14.01.2013. 15:55
 capslock
Жаралгансып менде сезим ушундай,
Калгым келди сени учурбай.
Буйурбаптыр сени мага акыры,
Жүрөк сайрайт тоонун жалгыз кушундай.
Кечир мени, кечир мени соонун клип болуптур. Так ыштооо балдар эки тоонун чобун энсебей бир кызды барктап алгыла да.
Жакшы клип болуптур, Алмаз чыгармачылынды оркундото бер!
14.01.2013 17:36
elif.bikech
capslock, так ыштооо)))))) так что((((( чыгармачылыгына ийгилик.
14.01.2013 17:57
capslock
elif.bikech,
Я знаю что - ыштооо будеть - "ЧТО". Для прикола написала... Так ыштоооо не кыжылуййте
14.01.2013 19:58
ldr.
capslock, кыжылуйте де=)))))))))прикольно
14.01.2013. 17:29
 beka_655565
Эн жакшы алга!
15.01.2013. 11:11
 batyrkul
mykty boluptur.sozun jazgan balada katuu okwoit
15.01.2013. 16:24
 baxxa
ырдын маанисине ++++++10 жеткликтууу
15.01.2013. 19:31
 Nazika_92.29
Uuuuaaaaauuuu bul yr maga abdan jakty...en jakshy yr jana klip..iigilik saga Almaz
16.01.2013. 02:15
 ELIMA91
Супер дегенге татыктуу ыр.:)
16.01.2013. 02:58
 kipchak
Orto.
16.01.2013. 18:49
 Bagirra
Сөздүн мааниси абдан терең экен.
Клип просто классный, в точку попал...
Жүрөгүм эзилип кеттигой
16.01.2013. 20:37
 ABU
Азаматсын!!!
Ийгиликтер.
16.01.2013. 23:06
 Kesh
The best one...
18.01.2013. 04:55
 aus_Deutschland
Super,baardyk yrlary maaniluu, ozu da jonokoi, tak derjat'...
19.01.2013. 05:20
 TAION
Sooonun yr,azamaatsyn.Almazdyn "janymai" Degen yryda aiabai maaniluu.besh.
22.01.2013. 01:50
 rnurzida
ушундай ырларды ыр десе болот,азамат!клип чыныгы азыркы заманды чагылдырыптыр,ийгилик
27.01.2013. 18:49
 karlygach
uwundai jakwy sozgo doremi dep ele muzyka jazyp koigon bolboit da emi, a klip kliptegi karmandar 4iyki bolup kalyptyr
30.01.2013. 15:56
 Kamalbek
onorun orkundoi bersin bratishka!!!!!!!!
20.02.2013. 15:01
 begim12
karlygach сага кошулам актерлор образга кирип аткара албаптыр,ошондой болсода клип мага жакты особенно 2.17 муноттугу учур
,Алмазга чыгармачылык ийгилик
14.05.2013. 19:36
 zema
сонун чыгыптыр клиптин сапатыда супер
15.05.2013. 15:16
 HEIIO.KG
Ырдын текси абдан жакшы чыккан,ар бир создо ойдун терээндиги бар
17.05.2013. 22:04
 Sagy
Алмаз, билем сен ар бир комментарийге конул коесун. Менин оюмча, ырдын кульминациясын озгочолонтуп корсотуу жетишпей турат.
27.05.2013. 02:46
 kani86
Мен сени жакшы кором Алмазик!!!!
Кечир мени, эшигимди бекиттим,
Гүл көтөрүп сунбаймын мен, кечиктим.
Көңүл бүрүн байкабастан сындырып,
Айрылуунун ачуу үнүн эшиттим.
27.05.2013. 02:48
 kani86
Кечир мени, тынчыңды алып кыйнасам,
Кечир мени, кош деп коюп кыйбасам.
Кечир мени, жоготконду көп издеп,
Көөдөн толгон кусалыкты тыйбасам.
27.05.2013. 02:48
 kani86
кечир мени платочкамды булгаласам!!!!!! Мен сени унутпайм жаным!!!!!
06.03.2014. 06:17
 alai.gulcha94
туй ата сонун ырго журок менен уга турган так держать Алмазчик
24.05.2014. 21:09
 papanstan
Мен суйгон ыр азаматсыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: