Жанр:Поп
00:03:00
36,33 Мб
Жүктөлгөн: 25-01-2013
Сөзү:А.Өмүркановдуку
Обону:Р.Бейшеналиеваныкы
Кайткан куштун канатынын издерин,
Ак булуттун арасынан издедим.
Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип,
Мен элейип суу тереңин тиктедим.
Кайырма:
Көрүнбөгөн, табылбаган немени,
Тажабастан издей берем мен эми.
Адамдарга ааламда жок күч берет,
Акыр бир күн аны табам дегеним.
Келгин куштун, кереметтүү абанын,
Желпип соккон жер бетинен карадым.
Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм,
Куйкаланды кучагына санаанын.
Кайырма:
Көрүнбөгөн, табылбаган немени,
Тажабастан издей берем мен эми.
Адамдарга ааламда жок күч берет,
Акыр бир күн аны табам дегеним.