Жанр:Классика
00:04:08
45,85 Мб
Жүктөлгөн: 29-01-2013
Сөзү:Р. Карагулованыкы
Обону:Т.Казаковдуку
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менен узады.
Кетпе алыска, кетпе, менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?
Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздин жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылат.
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?