Нарынбек Калыбаев "80 жаш"
Жанр:Эстрада
00:03:41
46,09 Мб
Жүктөлгөн: 05-02-2013


Сөзү:Н.Калыбаевдики
Обону:Н.Калыбаевдики

Сиз барда, апам, берекем,
Ырымды сунам белекке.
80ге жашы толду деп,
Жар салам журтка, энеке.

Кайырма:
Эл үчүн кызмат кылгын деп,
Сексенге бүгүн толдуңуз.
Балпайып балдар төрүндө,
Бактылуу эне болдуңуз.
Сыйласак, анан бейиш бар,
Биз үчүн бийик ордуңуз.

Биз үчүн аппак тилегиң,
Билемин, туям, сеземин.
Кай жерде болбо, апаке,
Бала деп согот жүрөгүң.

Кайырма:

Токсонго кадам таштаңыз,
Тоолордо гүлүн жыттаңыз.
Жараткан сизге дем берип,
Кылымдын чайын ууртаңыз.

Эл үчүн кызмат кылгын деп,
Сексенге бүгүн толдуңуз.
Он бир перзенттин төрүндө,
Бактылуу эне болдуңуз.
Сыйласак, анан бейиш бар,
Биз үчүн бийик ордуңуз.
Болбоңуз такыр капа,
Ушул ырым дем болсун сизге.
Кымбат апа!
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (6)

06.02.2013. 00:50
 zema
клип жакшы тартылыптыр, омурун берсин Энениздин!
06.02.2013. 02:26
 Altysh_Boldush
Жакшы ырдаптыр, манилуу!!! Клипда жакшы тартылыптыр!!! Ата, Энелер балдарын оозурун коруп журушо берсин дайым!!!!!!!!!...
06.02.2013. 12:24
 Aelina
Ыры дагы жакшы экен, клип дагы сонун тартылыптыр. Азамат!!!
06.02.2013. 21:20
 Baktiyar
Apalarybyzdyn omuruno bereke bersin Allaxym...amiin...
16.02.2013. 18:56
 nurjanka89
мен да энемди сагындым...
25.02.2013. 14:31
 Jooru-23
Баарыбыздын энелерибиз аман, мандайыбызда жаркылдап кулуп журо берсин. Эне сени сагындыыым!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: