Мухтар Атаналиев "Арноо"
Жанр:Ретро
00:03:10
39,49 Мб
Жүктөлгөн: 19-02-2013


Адырлардан аппак гүлдү көрөм,
Аппагына кызыгып аны терем.
Аппак көйнөк кийинген, эй, сулуу кыз,
Колумдагы аппак гүл сизге берем.

Эй, сулуу кыз, эй, кетпей туруңуз,
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, эй, токтой туруңуз,
Колумдагы аппак гүл сизге берем.

Кыркырлардан кызыл гүлдү көрөм,
Кызылына кызыгып аны терем.
Кызыл көйнөк кийинген, эй, сулуу кыз.
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.

Эй, сулуу кыз, эй, кетпей туруңуз
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, эй, токтой туруңуз,
Колумдагы кызыл гүл сизге берем

Суу боюнда сырлуу гүлдү көрөм,
Сулуусуна кызыгып аны терем.
Сулуу көйнөк кийинген, эй, сулуу кыз,
Колумдагы сырлуу гүл сизге берем.

Эй, сулуу кыз, эй, кетпей туруңуз,
Колумдагы сырлуу гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, эй, токтой туруңуз,
Колумдагы сырлуу гүл сизге берем.
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (1)

15.03.2013. 19:26
 Altysh_Boldush
мынча ширин кыз а
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: