Абидин Темиров "Мен айрылсам, сен да менден айрылдың"
Жанр:Эстрада
00:05:30
65,08 Мб
Жүктөлгөн: 18-03-2013


Ошол кезде көзүм толо жаш болгон,
Мен сүйүүдөн баш айланып мас болгом.
Азыр сенин аз мезгилдин ичинде,
Айтчы неге жүрөгүңө таш толгон?

Кайырма:
Абалым оор, аябастан кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.

Гүл кетти да, куурап калган бак калды,
Үмүтүм жок, үзүлгөн бир шак калды.
Сүйкүмдүүм, ай, сүйүнтпөстөн какшаттың,
Сүйүү кетип, ичте кара так калды.

Кайырма:
Мен көтөргүс оору менен кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.

Бир жаныма өзүң бир жүз жан элең,
Бир жашоомо жалгыз күйгөн шам элең.
Мээрим белең, кара көз жалгызым?
Мен да сага ичим күйүп тар эле.

Кайырма:
Мынча неге көз жаш төгүп кайгырдым?
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.

Сендей адам эми такыр таппасмын,
Боорум ысып, жүрөк тынчып жатпасмын.
Ыйлап, ыйлап, көз жаштарым да тынар,
Шумкар кезде канаттарым да сынар.

Кайырма:
Мээримдүүм, ай, мен да сен деп кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
  • Currently 3.86/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (23)

18.03.2013. 19:24
 begusia
блин кайдагы лексус,акчага кызыгып суйуусун кечип кетти э?! ААайбан экен. А так байке жакшы ырдайт...
18.03.2013. 21:25
 Anake_85
абдан жакшы болуптур,мени дагы ушунтип бир кыз байлыка кызыгып таштап кеткен,анда мен сутудент болчумун азыр кудайга шугур иштеп жатам,бирок суйуумо жолукпай келем аны дагы деле кутуп журом беш жыл болду жок.
20.03.2013 08:52
erkele
Anake_85, беш жыл болду жок деп жаман кейидин го))))ой боорум ай
18.03.2013. 22:27
 kojo
tuura kyzdar baylykka karayt,baylyk dep jurup baktysyz bolup kalyshat!kim baylykka karasa baktysyz bolup ele kalsa eken kudaydan tilegenim!!!!!!!
24.03.2013 21:52
aziato4ka
kojo, беш кол тен эмес
19.03.2013. 01:30
 Bayan1982
мен айрылсам сенда менден айрылдын соонун ыр клиби ба чоткий.
19.03.2013. 09:39
 M89
Мен бул клипке такыр кошулбайм. Анткени ал кыздын да жашоого акысы бар. Бирок супер ыр экен. Мындай айрылуу эчкимдин башына тушпосун.
19.03.2013. 09:47
 Subaru9595
Жакшы ыр экен обону да жарашыктуу
19.03.2013. 12:37
 sauleshka
Yr en sonun,atkaruuchu Abidin baikebizda en jogorku dengeelde atkaryptyr.Chygarmachylyk iigilik kaalaimyn.
27.03.2015 20:26
jypar.i
sauleshka,мен да сага кошулам. Абидин иниме берилсе болмок "Кайгылуу ырлырдын рыцары" деген наам, Асылбек Өзүбековго караганда Абидиндин ырлары муңдуурак сезилет мага. Өзү да дайыма капалуу жүрөт, азыр эле бир нерсе болуп кеткендей.Мен айтат элем, "Абидин иним, жашоо бир келет,тагдыр да жылмайып жүргөндөргө жылмайат.Башыңды көтөрүп,жакшы маанайда жүр, анткени сен таланттусуң,жакшы обондоруң, жакшы үнүң бар,сен бактылуусуң"-деп. Ийгилик каалайм, мындан ары жакшы маанайдагы,шайыр ырларды күтөбүз
19.03.2013. 14:06
 aika_sv
Аябай актуалдуу темалардын бири экен. Агай болсо образга кирип сонун ырдаптыр. Ал эми клиптин маанисине токтолсом, менин оюм боюнча тен тени менен баш кошкону эле жакшы деп ойлойм. Ошондо жакшы жашоо болот.
20.03.2013. 20:17
 Anake_85
erkele? мен аны абдан суйом ошон учун кутуп журом,мен издеп табалбай журом.
22.03.2013. 11:22
 Heavy
Душевный ыр экен...
22.03.2013. 18:49
 Lika
Байке ырларыныз мага абдан жагат, маанилуу, клипке соз жок, сизге ийгилик...
23.03.2013. 13:13
 hanzada_samatova
Ыр менен клип бир бирине мааниси жагынан жакшы айкалышыптыр, Бирок азыркы заманда кыздар эле эмес, Балдар да кыздардын байлыгына карап суйлошуп калган. Бул чындык.
23.03.2013. 15:41
 Mirbek.Namazbekov
ырда клип да жакшы ото маанилуу жагымдуу экен :)
24.03.2013. 13:04
 Gigant
айбаан ыр экен
ох
28.03.2013. 04:09
 alhimic
Ай ай ай жашоо !Ё ушундай керемет чыгарма , сонун аткарылган ! сюжет да сонун кызыктуу болуптур ... алга Абидин байке :)
01.04.2013. 16:46
 T-1000
Булар менин группалаштарым!Айбек менен Айсулуу азаматсынар!!!Алга!
17.06.2013. 16:13
 mitalipov
бул ырда жашодон алындыда
24.06.2013. 10:37
 kesh_09
ушул ырды Каныкей Эралиеванын аткаруусундагы вариантын да кошуп койсонор жакшы болмок
10.11.2013. 04:04
 miss2014
Мааниси терен,уккулуктуу,суйууну байлыка алмаштырбайлы,суйууну барктайлы.
27.03.2014. 16:06
 meridian
Суйуу болсун,айрылуу болбосун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: