Бек Исраилов "Карындашым"
Жанр:Поп
00:03:35
43,94 Мб
Жүктөлгөн: 20-03-2013


Сөзү:Байдылда Сарногоевдики
Обону:Түгөлбай Казаковдуку

Көп кыздын арасынан өзүң гана,
Көктөгү жанып турган чолпон элең.
Кокустан чаң жугузуп аламбы деп,
Колумду тийгизгенден коркор элем.

Көп кыздын арасында балбыл жанып,
Көздөрүң жарык чачкан жакут эле.
Ар дайым аппак жүзүң жаркыратып,
Күлгөнүң бир мен үчүн бакыт эле.

Жаштыкта кимдер гана жаңылбасын,
Жанымда жок болсоң да жадымдасың.
Эңсеймин, бирок сага жетмек кайдан,
Бар болгун, бажырайган карындашым.
  • Currently 3.72/5
(25 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (30)

20.03.2013. 19:07
 Iwin_bolbosun
ээк, бир сонун обондуу ырларды ушинтип лампочкалар олтурот да. тамагы бутуп калгансып же чакап аткансып ырдап кыжырга тийишет. Болбосо бул ырды укмуш ырдап чыкса болмок, мааниси да обону да сонун ыр эле аттин
20.03.2013. 19:08
 Iwin_bolbosun
клип боюнча мыкты болуптур. Айрыкча жигит менен кыздын мимикалары жакшы келишиптир
20.03.2013. 20:05
 Takai
Эх, чиркин арман дуйно десен. Бек бир кезде кичинекей башы колонкадан чыкпаган бала эле.Эми минтип осуп, чонойду. Ийгилик сага. Жакшы клип болуптур. Бирок адам экенинди унутпа!
20.03.2013. 20:27
 Debi
Зор! Абдан жакшы чыгыптыр! Сонун ыр! Сулуу кыз! Сонун клип!
20.03.2013. 23:26
 MissXXX
Well done and good luck!Don't pay attention to nonsense comments.
21.03.2013. 13:54
 elka7
Бек Исраилов деген ырчыны бир угуп калдым эле, бугун озун да клибин да биринчи жолу кордум. Клип жакшы тартылыптыр, сулуу кыз, сулуу жигит, мааниси да жакшы экен. Ийгилик!
21.03.2013. 14:35
 rustam1993
клиптеги кыз,менин бывший кызым болчу,ачылып кетиптир базар жок
26.05.2013 13:44
nurgazyloko
rustam1993, ал кайда, сен кайда) туурабы?
21.03.2013. 17:52
 Kamalbek
бул братишка качан пайда боло калды.но ыры клиби жакшы эле экен кыз сулуу татына экен менин вкусумдагы кыздардай
21.03.2013. 19:47
 aziz.
ырда жакты клип да жакты кыз да жакты баары суперский ийгилик!
22.03.2013. 03:43
 rnurzida
ырдын обону да,мааниси да зор.Клип да анын каармандары дагы сонун экен,ийгилик
22.03.2013. 05:44
 EMMI
клиптин корку кыз болуптур.акыйкат бажырайат экен
22.03.2013. 11:43
 aika_sv
Жаны чыгып жаткан ырчы турбайбы, ийгилик каалайм!
23.03.2013. 16:00
 NADUW
клип жакшы тартылыптыр! мен дагы калп пайтасам бириничи жолу ырын угуп жатам атын уккам! обонун жакшылап иштесе сонун болмок азыкыдан дагы.
23.03.2013. 18:43
 Aiba_2020
Aigerim Nurdinova super..
24.03.2013. 11:18
 luchinura
жакшы эле экен, бир жерден чыкпай эле тартып бутуруптур клипти. Бирок клиптин мааниси болуп жакшы тартылса менин коз карашым туз мындай корунушко.
26.03.2013. 09:30
 ajxana
Бек негизи ырларын жана унун абдан соонун экен.Ийгилик каалайм
05.04.2013. 11:59
 aylin91
эн сооооооонун азамат Бек
06.04.2013. 21:14
 kubaziza
Сонун ыр! Сулуу кыз! Сонун клип!
09.04.2013. 12:21
 IlyasMasirov
Щ_щ Кыз суп-сулуу экен))
09.04.2013. 12:33
 Doka
Жкшы жакшы
19.04.2013. 17:31
 admin_media
myrzaly78,
Билдирүүңүз жалаң баш тамгалар менен жазылгандыктан өчүрүлдү. Эскертүү сизге!
29.05.2013. 12:07
 AyPeKa
кейипкер кыздын аты-жонун билип бериниздерчи. курбума аябай окшош экен. мумкун дал озу.рахмат.
02.06.2013. 19:23
 taalay90
Фу ырбы ушул
25.07.2013. 22:26
 Asan.kg94
Соонун клип
17.08.2013. 01:00
 Salim1
Азаматсын! Бека менен жаштыкта ашык ойночуубуз. Апасы ыр жазат. А атасы менен мен адашпыз)))
Менин атым Жолдошбек.
02.09.2013. 21:55
 AFRODITA-89
Жакшы клип экен биринчи корушум, ырчыны да.
03.10.2013. 21:46
 kyrgyz11
сапаттуу тартылыптыр. ырчыга ийгилик, кызга ыйман каалайм.
08.10.2013. 13:50
 alin4ik
Жакшы ))))
16.10.2013. 09:57
 dina
Клиптин сапаты жакшы болуптур, жакшы деген баа бердим! Бирок ырдын эски варианты уккулуктуу болчу, толук жеткире ырдай албаптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: