Токтобүбү Черикчиева "Биз экөөбүз"
Жанр:Эстрада
00:03:22
42,21 Мб
Жүктөлгөн: 25-03-2013


Сөзү: О.Султановдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку

Билбейм кайдан жаралгансың сен мага?
Маңдайымдан бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай!

Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Жаралганда мендик болуп жаралдың.
Айтчы, жаным, а болбосо эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?

Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Биз, экөөбүз, эки сандай барабар,
Биз, экөөбүз, эки суудай бириккен.


Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Башкалардын, башкалардын,
Миңи сага татыбай.
  • Currently 4.00/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (25)

25.03.2013. 19:20
 vvvb
Кайсыл сулуулар бийлеп жатышат? Азаматсыз Токтобубу эже.
25.03.2013 23:45
naka
vvvb,Мин кыял бий ансамбль!!!
25.03.2013. 20:25
 best-life
Не деген таасирдуу соз, не деген керемет обон, кандай сонун айкалыштар жана кандай гана ушул жогорку эки нерсени ийине жеткире аткарган татыктуу аткаруучу!!!
25.03.2013. 20:43
 arxidea
Жакшы клип болуптур абдан жакты!
26.03.2013. 01:28
 chikabom
эн жакшы клип и эн жакшы ыр деп эсептейм!!!
26.03.2013. 13:00
 Debi
ыр да, ырчы да сонун, бирок клипке чындап көз тайгылткан сулууларды тартканда жакшы чыгат да
26.03.2013. 15:24
 timan86
Жанна сен сулуусун билем жан
26.03.2013. 15:52
 vvvb
Азаматсыз Токтобубу эже, Ийгилик каалайм.Жоголуп кетпей чыгып турунузчу.
26.03.2013. 20:19
 Bayas_Tural
сонун ыр
27.03.2013. 03:24
 rnurzida
журокко жеткиликтуу обон кандай сонун эс алдырат адамды,ийгилик Токтобубу эжекеге
28.03.2013. 14:45
 Aelina
Уну эмне болуп калган, жакшы жазбырбай коюшкан окшойт, уну айабай ичке болуп калыптыр озунун уну эместей болуп.
07.04.2013 17:17
4aidai
Aelina, siz muzikany tushunboisuzbu? Ozunun unu oshondoi i4ke, soonun yrdagan.
29.03.2013. 11:25
 Pearl.06
Токтобубу мен сизди аябай сыйлайм,жакшы кором.Сизди теледен куткондор коп.Эч качан алыстабанызчы.
02.04.2013. 12:40
 sale-81
жашыныз отсода унунуз ошондой еле булбулдай
08.04.2013. 12:07
 jaina
Токтобүбү эженин үнү аябай жагат, суктануу менен кайра-кайра угам ырларын. Дагы да жагымдуу ырларды жарата бериңиз, чыгармачылык ийгилик сизге!
10.04.2013. 12:06
 akjol1989
во мына мобу клип!!! Уну да тим эле алып учуп жонойт болок дуйного. ретро сыяктуу тартыптыр. Азаматсыз Токтобубу эже. Сураныч жоголбой журунузчу. сагынып калат экенбиз
13.04.2013. 23:21
 АйАй
сонун болуптур! АЗАМАТСЫЗ эжеке ушунтип жаны жаны клиптерди чыгарып бизди суйунтуп журо берин))))
14.04.2013. 00:38
 Gulu85
ушундай клиптерин кригизип жуктоп турушунарды суранам.рахмат
29.04.2013. 14:07
 Мэри
Токтобүбү эженин эң негизги өнөрү - анын комузчулугу. Ал мыкты комузчу да, аны таштабай кошо ала кетсе болмок. Убагында оркестр менен комуз чертчү да. Үнү да жакшы. Клип жакшы тартылыптыр, дагы да көп-көп ийгиликтерди жарата бериңиз...
09.05.2013. 15:13
 Damanurcha
менин папамдын суйгон ырчысы голосунда соз жок
25.08.2013. 21:31
 Rinatik94
Бир коргонго да болбойт экен.
10.11.2013. 03:55
 miss2014
Ушул ырды Жийде тобу аткарчу эле ошону кайдан тапсам болот жана ушул тоб жонундо маалымат берип койсонуздар алдын ала рахмат.
04.01.2014. 18:24
 nizami
Супер кейжинин жамаатынан сураныч, Токтобубу Черикчиеванын 21-22-ноябрьда филармонияда болгон, Токтобубу Черикчиева ыр майрамга чакырат деген концертин толугу менен жуктоп койбойсунарбы? Токтобубу Черикчиеванын башка дагы видеоклиптеринен жуктоп койгулачы сураныч?
06.01.2014 12:59
admin_superstan
nizami, Саламатсызбы! Токтобүбү Черикчиеванын ал концертин биз тилекке каршы таркан эмеспиз. Ал эми башка ыр, клиптерин жүктөп койгонго аракет кылабыз. Түшүнүү менен кабыл аласыз деген ойдобуз.
29.06.2014. 06:00
 aiza.kyrgyzkyz
Эжеке сенин чыйылдап ырдаган унунуздон го, соонун ырдайсыз. Кайда журос корунбой?)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: