Тынчтыкбек Айылчиев "Экөөбүз эки жакта"
Жанр:Поп
00:03:52
95,89 Мб
Жүктөлгөн: 04-06-2013


Ак сүйүүдө канат байлап учкум келет,
Учкум келет тээ алыска сени издеп.
Жалдыраган көздөрүм жашын төгүп турат,
Жалгыз сен деп.
Карагаттай көздөрүңдү сагынамын,
Махабатка ак сүйүүгө багынамын.
Тоскоол кылган бизге, ал адамга таарынамын.

Кайырма:
Экөөбүз эки жакта, жолдор башка,
Бөлүп турган экөөбүздү ошол чакта,
Жалгыз адам эле тоскоол кылган сага, мага.

Алыстасың, карааныңды көрө албай,
Кыйналамын жан дүйнөмдү сүйүүң арбай.
Алсыраймын, жаным, бактым сага байлангандай.
Сүрөтүңө кадаламын көзүм канбай,
Күндөрдү эстеп басып жүрчү сени жандай,
Жалбыраксыз калдым жашым төгүп ыйлап,
Жалгыз талдай.

Кайырма:
Экөөбүз эки жакта, жолдор башка,
Бөлүп турган экөөбүздү ошол чакта,
Жалгыз адам эле тоскоол кылган сага, мага.

Бир өзүңдү, жаным, чындап сүйчү элем,
Жалыны жок муздак отко күйчү элем.
Алсырайм, жаным,
Үмүт үзбөй күтүп келем.

Кайырма:
  • Currently 4.06/5
(52 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (116)

30.07.2013. 14:46
 peri05
Тынчтыкбек онорун оркундой берсин сенден аябай чоон талан чыгат кечеги Москвага келген консертин аябай жакты ото жонокой ото ыймандуу бала экенсин сени дайым колдоп келебиз алга жана алга, унуно баракелде сендей ырчылар кооп болсун Кыргызыбызда
03.08.2013. 19:15
 bermet.kg11
Аззаматсыз Тынчтык байке аябай жакшы ырдайт экенсиз ырларыныздын баары жагат мага ийгиликтерди каалайбыз мен сизди суйом
05.08.2013. 16:33
 jamaldina
Бул жигиттин жонокойлугун аябай бааладым онорун оркундой берсин чыныгы искусствонун адамы экенсин алга Тынчтыкбек ырларын жакшы маанилуу +555555
05.08.2013. 16:37
 saamai96
Баардык ырлары жагат бул байкенин билишимче продюсери Аскат Алдашовтун эмгеги Чынара деген ырыныздардын клибин кутобуз Аскат байкеге ырахмат ушундай таланттуу баланы чыгарып жаткан
05.08.2013. 16:47
 kukolka95
Алга Тынчтыкбек мырза Бактылуу бол Суйуу азабы Экообуз эки жакта Чынара сыяктуу жакшы чыгармаларды жарата бериниз биз сиздерди колдойбуз ушул жигит тууралу качан маалмат алабыз супер инфо кай жактын кулуну
05.08.2013. 17:05
 ramil995
Эх суйуу кандай кана жолдорго алып барбайт эээ... ийгилик аззаматсыз жакшы ырдайт экенсиз
05.08.2013. 17:12
 malikadina95
Эн жакшы ыр баардык ырларыныз жакты Кайрылгыс Элес деген ырын угуп алып ыйладыыыыыыыыыыыыыыыыыыым талантынызды бааладым Тынчтык байке
06.08.2013. 21:53
 Nurzada88
Супер ыр, супер клип! Алга!
07.08.2013. 14:11
 ruslan95
ооооау какая хороший песня..
09.08.2013. 13:15
 Specsgruppa_NSS
Жакшы клип экен... Анан дагы клиптеги Татынакай актриса кыз абдан жагат келчекте мыкты актриса чыкчудай. Себеби, Аман тасмасында да жакшы аткарган оз ролун!
09.08.2013. 13:23
 Specsgruppa_NSS
Кечиресиздер Аманат тасмасында...
23.08.2013. 19:51
 Aygerim_tls
Сонун! Азамат! Ийгилик!
05.09.2013. 10:01
 jasmina95
super info Tynchtyk baikeden kachan intervyialasyzdaaaar
05.09.2013. 10:12
 kanymow
Тынчтык байке азаматсыз продюсериниз Аскат Алдашев деп уктук ийгилик бирок сиздер токтобостон кетсениздер жакшы болмок токтобостон дегеним бат бат жаны ырларды жаздырып жаны клип тарттырып дегендей Ошндо мынданда жакшы болмок азырда жакшы ааз убакыттын ичинде хит ырларды чыгарып элге таанылып калдыныз чон жанылыктарды кутобуз сизден супер инфо качн Тынчтык байке менен майек курасыздар
15.09.2013. 09:17
 ales
Негизи Тынчтыкбектин багын ачкан, атын тааныткан "Чынара" деп айтсак болот. Анткени мен мурда бул ырчыга маани деле берчесмин, эми атайын издеп ырларын угуп атам.Ошондуктан Чынарага барып рахмат айтып коюушу керек.
02.11.2013. 20:03
 belosnejka1
Кайрылгыс элес деген ырын кайдан угуп жатасыздар? Табалбай койдум го
04.11.2013. 12:50
 kera93
Azamatsyn brat yrlaryn jakshy eken Chynara degen yryn toilordun Giminigo alga
04.11.2013. 13:22
 kurmanjan202
Ушул ыр жагатта мага ийгилик сага Тынчтыкбек
04.11.2013. 15:04
 saltanat89
Askat Aldashev baike menin jerdeshim bolot iigilik Askat baike omurluu prodyuser bolunuz, bul jigit chynynda ele talanttuu jigit yrlaryn ukkandar kop chon janylyktardy kutobuz sizderden
04.11.2013. 16:22
 Chynara95
Тынчтык байке сиздин баардык ырларынызды суйуп угам сизге беш Аскат байкеге да ырахмат к стати Кайжактын кулуну бул байке
06.11.2013. 14:08
 janylai96
jagat maga ushul yrchynyn yrlary alga azamarsyn
12.11.2013. 10:38
 Aikyz96
Tynchtyk baike sizdin chygarmachylygynyzdy baalaim urmattaim yrlarynyzdy kaltyrbai ugam
13.11.2013. 12:32
 kerez2013
Тынчтыкбек Айылчиев деп коп укчумун радиолордон коро элек элем азаматсын сенин ырларындын баары жагат мага Таластан куйорманын Таласка качан келет экен бул жигит
13.01.2014. 17:32
 dinara05
4
15.01.2014. 00:41
 elzat150498
Молодец классный клип и песня тоже
18.01.2014. 04:03
 tatynashka
baarysy ukkuluktuu yrlar mmah janymgo
20.01.2014. 00:01
 samat
Азаматсын
21.02.2014. 21:41
 erko77
Баары эле,,Ильяз Абдразаковдун ,,''Азап''ырынын стильине отуп алганго,,,,,,бирок жакшы чыгыптыр
23.03.2014. 09:43
 tukitegin
Кыргыздын Шатунову болот ко жакында
10.10.2014. 12:01
 saamai96
Urmatuu super infoo jamaaty Tynchtyk Baikenin nomerin bere alasyzdarby suranych je maalmat alyp berinizderchi suranych
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: