Жанр:Классика
00:04:48
59,41 Мб
Жүктөлгөн: 29-06-2013
Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең?..
Кайырма:
Асыл энем, таалайым - сенсиң энем,
Жыргалым - сен, бакытым - сен,
Сүйүктүү менин энем.
Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.
Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мен үчүн жанды курман кылат элең.
Кайырма:
Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,
Асманда ай нурундай асыл энем.
Көзүңдүн карегиндей көп аяган,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
Кайырма: