Фарида Карбосова "Шумкарым"
Жанр:Эстрада
00:03:26
42,83 Мб
Жүктөлгөн: 26-07-2013


Күтөмүн сени сагына, үмүткө байлана,
Сүйүүмдү бөлүп жалынга жүрөсүң кай жакта?
Талпына бергин шумкардай, көкүрөк тосуп шамалга,
Ырларым сенин сырларың, алдыңда, жаным, алдыңда.

Кайырма:
Ак шумкарым, шумкарым, сен менин сыйынарым,
Шумкарым, шумкарым, жөлөгүм, урунарым.
Шумкарым, шумкарым, сен менин сыйынарым,
Шумкарым, шумкарым, жөлөгүм, урунарым.
Талбасын, талбасын келгенче канаттарың.

Алыстан сүйүү узатып, кыялга батам жай,
Махабат таңы тазарып, ыргалам толкундай.
Талпына бергин шумкардай, көкүрөк тосуп шамалга,
Ырларым сенин сырларың, алдыңда, жаным, алдыңда.

Кайырма:
  • Currently 2.91/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (25)

26.07.2013. 19:31
 Rinatik94
Супер.
26.07.2013. 20:04
 sakibaev
Супер унун соонун азыматсын талантына таазим ырды жашкы ырдапсын
26.07.2013. 20:05
 fblf
ээк жаккан жок клиптин онун кундун нурлары бузуп койгон, же менин тушунугум жетпей жатабы клиптин маанисине, кыскасы жакпадыыыыыыыыыыыыыыы!!!!!

26.07.2013. 21:39
 AltynA
super!!
27.07.2013. 14:10
 omor.86
Мурдагы версиясы жакшы болчу
27.07.2013. 15:39
 shazi
Акыркы убакта Фарида жакшы кириштиго чыгармачылыка... бирок мыкты чыгып жатат. Булда катардагы сонун клиптерден бболуптур.
28.07.2013. 17:43
 gooool
Тамагынын кырылдап ырдаганы сонун болуптур,эн жакшы ырдаптыр,азаматсын.
29.07.2013. 04:09
 jasmina_bt
жакшы ырдаптыр мурун ким ырдайт эле
29.07.2013. 04:14
 jasmina_bt
элдер неге кыргызстанда баары эле чачын кыркып алышкан ырчылардын бироонун да чачы узун эмес озу кыргызстанда чачы узундар калганбы
07.08.2013 22:58
baxa1989
Айгерим Расул кызы
17.08.2013 14:39
aia-s
jasmina_bt, чачы узунбу кыскабы не айырмасы бар жарашыгына карап журот да
29.07.2013. 14:37
 beka88
шумкарым сен менин сыйымарым,бир АЛЛАХга эле сыйыныш керек мусулмандар,эки рекет тообо намаз окуп АЛЛАХтан кечирим сураныз,бул ырды канча тушунбого адамдар ырдашат эми,эгер ыр жазыш кыйын болсо мага айтын жазып берем,
30.07.2013 11:12
sezimtobu7
beka88,туура айтасын, Аллахка гана сыйыналы
29.07.2013. 22:02
 Turadi
molodes jakshy yr eken. Orkynyn ossun Farida saga igilik
29.07.2013. 22:15
 Alaaninkulu
Abdan soonunken maga jakti barakelde.
02.08.2013. 01:26
 Neba.
эми жакшынакай болуп калыптыр ийгилик!
13.08.2013. 22:35
 NADUW
sonun yr!
17.08.2013. 14:07
 gitaristka_2013
Мааниси жок клип! Жаккан жок
17.08.2013. 14:40
 aia-s
аааа мааниси кандай болуп калган бир нерсе болот экен деп кутсом эчтеке жок клип да бутуп калды... но бирок уну ыры жакшы болуптур
18.08.2013. 14:56
 shoma198003
ишине ийгилик фарида жакшы тартылган экен ырдын дагы мааниси сонун экен.
26.08.2013. 02:16
 Талант
Аксана Матисакованын ырдаганы сонун бул ырды негизи Аксана ырдачуу бул ырды БИЗ тобунда
26.08.2013. 18:44
 Nurlan1
мага укмуш жагат
29.08.2013. 14:41
 ayaza
Ушул эле ыры жаккан жок.
30.05.2014. 15:46
 Gulichka.milichka
Фариданын "Унут сен мени "-деген ырын жуктоп койгулачы сураныч.
30.05.2014 16:59
admin_media
Gulichka.milichka,
Саламатсызбы! Жакында жүктөп коюуга аракет кылабыз. Түшүнүү менен кабыл алып күтө турасыз деген ойдобуз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: