Кубик Калыков, Айпери Кубик кызы "Насаат ыры"
Жанр:Эстрада
00:03:59
41,88 Мб
Жүктөлгөн: 29-08-2013


Жакшына болсоң жашыңдан,
Жакшылык кетпейт башыңдан.
Жактырган сенин жүрөгүң,
Жарың бир кетпейт кашыңдан.
Сүйкүмдүү болсоң жашыңдан,
Сулуулук кетпейт башыңдан.
Сүрөттөй сени тиктеген,
Сүйгөнүң кетпейт кашыңдан.
Эстүү кыз болсоң жашыңдан,
Эрке кыз болбо башыңдан.
Энекең айткан сөздөрдү,
Эсиңе туткун абыдан.

Жайында сууну бойлосом,
Жайнаган гүлдөй чоңойсом.
Жактырып мага сөз айткан,
Жакшына жарга тең болсом.
Сары-Өзөн, Чүйдү бойлосом,
Саймалуу таштай чоңойсом.
Санаага мени салбагын,
Сагынган жарга тең болсом.
Эркетай болгон,ии,ий, кезимде,
Энекем айткан кичимде.
Эсиң бир менен бол деген,
Эстүү бир сөзү эсимде.
Ыймандуу болсоң башыңдан,
Береке кетпейт башыңдан.
Ынтымак болсо үйүңдө,
Ырыскы качпайт башыңдан.
Ийкемдүү болсоң жашыңдан,
Ийгилик кетпейт башыңдан.
Ийнелек болгон жигиттер,
Иилинип кетпейт кашыңдан.
Кыйын кыз болсо жашыңдан,
Кайсар кыз болбо башыңдан.
Карап бир койсо атакең,
Кабагын байка абыдан.

Ыссык-Көл суусун бойлосом,
Ырыстуу болуп чоңойсом.
Ырылдап күндө урушпай,
Ыймандуу жарга тең болсом.
Ичке бир сууну бойлосом,
Эки элүү болуп чоңойсом
Ичкилип ичип мас болбой,
Ичпеген жарга тең болсом.
Кызгалдай,ии, ий, кезимде,
Кайтарган атам кичимде.
Караңгы түндө жүрбө деп,
Кайталап айткан эсимде.

Билимдүү болсоң жашыңдан,
Бийиктик кетпейт башыңдан.
Биримдик дайым болсо деп,
Бир тууган кетпейт кашыңдан.
Акылдуу болсоң жашыңдан,
Акылчач кетпейт башыңдан.
Ар- намыс үчүн күрөшкөн,
Ата-эне кетпейт кашыдан.
Сулуу кыз болсоң жашыңдан,
Улууну сыйла башыңдан.
Сиз деген сөздү унутпай,
Сылык бол кызым баарынан.

Балкыган сууну бойлосом,
Бактылуу болуп чоңойсом.
Баркыңды билип сыйлаган,
Бар болгон жарга тең болсом.
Аккан бир сууну бойлосом.
Ай болуп күндө чоңойсом,
Ата-энемди сыйлаган,
Акылдуу жарга тең болсом.
Кыргыздын күүсүн ойносом,
Кымызын ичип чоңойсом
Кызындай көрүп сыйлаган
Кайын бир журтка туш болсом

Ырчы кыз болсоң жашыңдан
Ырчыны сыйла башынан
Ырдаган жерде дайыма,
Ыймадуу болгун баарынан
  • Currently 4.25/5
(28 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (64)

30.08.2013. 18:39
 aibars
Abdan sezimge dem kuch bergen nasaat yry boluptur. Men alysta jurup ushul yrdy ugup alyp bizdin kymyz, taza aba jyttangan KYRGYZSTAN koz aldyma keldi. Aiabai jyrjap jatam. Men bul yrdy aiabai choon suimyk menen bashka uluttan utkon dostoruma korgozom. Kubik baike azamatsyz. Aiperi talantyn myndan dagy orkundoi bersin.
30.08.2013. 20:55
 Oscar2356
Тарбиялык мазмундуу ыр болуптур жакты.
30.08.2013. 21:58
 Schookum
Kubik baykebiz eki koendu biraattiu korynot bir jagunan jakshu ur alup chuksa ekjncji jagunan kuzun jakshu presentazialadu. Kudatyshynkkndirdyn sanu buyursa eki ese koboidy go :)
30.08.2013. 23:44
 askat1985
жакшы ыр экен мага абдан жакты маладес Айпери и Кубик байке жакшы килип болуптур .Ийгилик силерге !!!
31.08.2013. 01:12
 azia9393
айпериге шымданып алып бийлеп ырдаганга караганда мооминтип жоолук салынып ырдаганы 100%жакшы жарашат екен дайыма ушинтип ырдаса))
31.08.2013. 02:05
 elka_manas_kg
оооо соонун ыр экен созу маанилуу обону уккулуктуу экен ийгиликк оло жакты
31.08.2013. 03:39
 jora.kg
Айпери сонун келин болуп калыптырго
31.08.2013. 11:56
 olokon39
мен мынчалык комментария коро елек еле жакшы деген Бирок Айпери жакты _))
31.08.2013. 14:45
 ayaza
Жоолук салынган жарашат экен,эртерээк куйого тийип жоолук эле салынып,башынан тушурбо
25.11.2013 17:46
bella.samat
ayaza, ой бул кызды жакында баткендик курбу кызым менин тагаларыма келин болду деп айтты эле анан дагы сасыган байлар деп.
31.08.2013. 15:41
 ruslan.78.23
Баракелде тилегине жет
31.08.2013. 19:01
 zama.kj9
аябай жакшы ыр болуптур.ТАЛАНТЫНАРГА таазим
31.08.2013. 21:06
 Debi
Тамшандырган сулуу го! Кудай тилегин берсин! Кимдин багына туш болор экен...
01.09.2013. 09:42
 azigrun
sooooonun boluptur. number one! bashka yrchylar kaldy artta, Kanykei bash bolup...
01.09.2013. 21:17
 asil-08
клиптин качествасына соз жок азаматсынар бул клипти коргондон кийин дагы да кыргыз болуп жаралганыма ыраазы болдум кудайга
03.09.2013. 01:43
 Agusha
ырчы болсон да ыймандуу болгун башынан дейт
03.09.2013. 13:52
 ss90
ар бир ата - эне менен кызынын тилеги!жогорудагы ырда, ырдалгандай жарды АЛЛАХым ар бирибизге насип кылган болсун!!!амиинь!
03.09.2013. 15:22
 ayaza
Айылга турмушка чыксан болот,чын эле жакшы келин болот болушун керек,айылдын турмушун да кор да.
03.09.2013. 17:37
 masr88aza
Айпериге жоолук сонун жарашат экен. Красавица.
03.09.2013. 20:41
 Ananaika312
Aiperi milashka)) yr jakwy boluptur
04.09.2013. 00:37
 nasesha28
Мага да аябай жакты,тарбиялык мааниси жакшы болуптур.Башка кыздарга сабак болгудай.Азаматсынар!
04.09.2013. 10:37
 Adilet7717
+1000 Соонун
04.09.2013. 19:45
 tyncha1991
ен мыкты болуптур бул клип ен кыргыздын улуттук кийимдери жакшы корунот негизи ийгилик силерге
08.09.2013. 11:20
 oenbek
ушунун эмнеси жакты экен тообо
15.09.2013. 22:48
 yalegenda
Айпери тилегине ниетине жет кудай буйруп
20.09.2013. 00:00
 SuLuWkA
Эн соонун соз жок Айпери озу тартиптуу экени билинип турат. Тилегине жет
01.11.2013. 05:00
 belosnejka1
Жактыы!
04.11.2013. 08:15
 kojojaw
sonun boluptur klipp bolgonu jawyl jolugu jarawpai kalyptyr
14.11.2013. 13:36
 Gulaz
Сонун клип болуптур. Ата-балага чоң-чоң ийгиликтерди каалайм.
05.06.2014. 17:20
 aigulai
Чын журоктон бакыт каалайм сага Айпери
11.06.2014. 16:13
 depu
Oto sonun klip,tarbiyalyk maanisi kop. Aiperi ozu yrdagandai kelin bolsun.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: