Гүлзат Батырканова "Торгоюм"
Жанр:Эстрада
00:03:45
37,67 Мб
Жүктөлгөн: 03-10-2013


Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.

Сен торгоюм сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.
Бир басалы гүлбакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде,
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.

Жалын болуп чаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлөп күү чалып,
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.

Көңүл куруп күү чалып,
Күлүп-бийлеп үн салып.
Менин сүйгөн торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.

Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (7)

03.10.2013. 18:49
 kojo
Гулзат эжеке соонун эжеке да! Ырлары тим эле соонун! Уккан сайын уккун келет
03.10.2013. 22:42
 kadyrova007
иииий ушул ырды качантан бери издеп таппай жургом да.а ыры кана?=( жуктоп коюнуздарчы сураныч
04.10.2013 09:36
admin_media
05.10.2013. 22:05
 kadyrova007
чоон рахмааат сиздерге.=)
06.10.2013. 01:26
 baky-baku
Унунуз очпосун эч качан
07.01.2015. 18:13
 bmwx5
жаткан жерин жайлуу болсун биз сизди эч качан унутпайбыз элесиниз эсибизде
02.04.2017. 19:21
 mr.ulan89
Гулзат эже жакшы ырдаган ушул ырды жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торкоо болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: