Акбар Сүйүнбаев "Мезгил"
Жанр:Поп
00:03:39
46,25 Мб
Жүктөлгөн: 04-10-2013


Сөзү: Б.Сарногоевдики
Кырчындай кымбат чак калып,
Кыйлага бардык жаш-кары.
Кундуздай кара чачымдан,
Күмүш кыл турат баш багып.

Баш бакса мейли, баш баксын,
Чачымдын баарын ак бассын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Селкилер менен жашташмын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Жигиттер менен жашташмын.

Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыппыз бекер отуздан.
"Агатай, кайра кайрыл" деп,
Аркамдан чуркайт отуз жаш.

Салтанат күүсүн көп угам,
Заманам шайыр деп угам.
Кырчындай кыздар турганда
Кырк жашка чыгып не кылам?
Кырчындай кыздар турганда
Элүүгө чыгып не кылам?

Карылык деген кашаң ат,
Карытат эми жакалап.
Карысак шашпай карыйлы,
Картайбайт, бирок махабат.

Кездешер биздин кесилиш,
Коё тур келбей, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Келбей тур, келбе, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Коё тур, келбе, жетимиш.
  • Currently 4.31/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (39)

05.10.2013. 12:29
 sara90
abdan maanilyy yr eken...kozumo jaw kelip ketti... chygarmachuluk yigilik Akbar baikege..
05.10.2013. 13:49
 Baktyluumun
Akbar bayke semirip alyptyrgo... Yr menen klip super... Soz jok! Azamatsyz! Iygilik!
05.10.2013. 15:54
 Guzi_8989
Жакшы ыр экен,жакты
05.10.2013. 18:51
 baby27
Эн жакшы. Татыктуу жакшы клип ыр. Мазмуну эн жакшы !!!
05.10.2013. 19:09
 bai.kymbat
супер! башка айтаар созум жок!
05.10.2013. 19:16
 Aidaiko
Rejiser bala mykty eken))
05.10.2013. 23:58
 kirpik
бактыбек мамытов арыктап карып кетиптир клипке катышып эле жаш кыздарды карап
06.10.2013 21:42
Schookum
kirpik,
Aru oilonup syilosong. Agay kzzdardu karabay ele turbaybu klininde oz jumushun atkarup. Aga kuzdar ashuk bolgonu korsotyldy. Andan tushkaru semizdik kop oorulardun negizi bolot!!!. Agaydun jyrok kan tamurunda Katheter bar. Agayubuz aman esen ar daxum bizdin yi-byloolyk kechterdin korkyn achup jyro bersinchi. Abdan jonokoi emgekchil agayubuz bar
06.10.2013 22:20
kirpik
Schookum, койчу ошондойбу дагы издеп корчу башка клиптерин сен мага ком жазба уктунбу
07.10.2013 17:30
Schookum
kirpik,
Jamanga tengelguche deyt. Akulsuz kuz ekensing tereng oilonup koro albagan. Aman bol
15.10.2013 14:09
kirpik
Schookum, а сенин акылына тан бердим
06.10.2013. 00:03
 masr88aza
Азаматсын Акбар!
06.10.2013. 01:09
 nurbek_posol
Позитив!
06.10.2013. 08:19
 Rolankgb
Акбар доске клип жакшы экен ийгилик чыгармачылыгын оркундой берсин
12.12.2013 23:05
shum-16.92
Rolankgb, туура айтасын укам
06.10.2013. 12:21
 ayakosya
Оо Акбар кайда журдун шоу бизнестен алыстап.Бир мезгил тыныгуудан сон кайрадан талыпай иштей бер.Азаматсын брат.
06.10.2013. 14:11
 sezim04
жакшы ыр экен
07.10.2013. 01:28
 rnurzida
Аябай сонун ыр го. Созу Б. Сарногоевка таандык экен. Ото мазмуундуу. Клип да, обону и аткарылышы да топ келишкен. Ийгилик сага Акбар
07.10.2013. 02:40
 aijan89
En jakshy klip!
07.10.2013. 13:29
 DooZzyWooZzy
сонун
07.10.2013. 15:18
 Kamolovna
тим эле укмуш сонун болуптур, ушунчалык жакшы сезимдер журокто калды бул ыр клиптен кийин, агайга узун омур.
07.10.2013. 17:47
 aika_sv
Агайга асылбагылачы ал деген клипте роль аткарып жатат, ал эми ыр жакшы. Байдылда атабыздын чыгармасы да, Акбар байке тыныгуудан кийин именно ушул ырды жаздырып эн туура кылган, жакшы ырдап коюптур
08.10.2013. 01:51
 SuLuWkA
Соонун ыр да клип да, азаматсыз ийгилик создору мыкты.
08.10.2013. 13:14
 anara-anara
Аябай сонун иштептир алга алга демекчибиз
08.10.2013. 21:07
 aizul9.kg
супер! ыр да клип да сонун!
08.10.2013. 23:15
 gooool
азамат Акбар,бул ырдын обонун биртке озгортуп Султан досуна ырдытып корушун керек экен,ал чучугуна жеткире койсо керек,сага Ийгилик!!!
10.10.2013. 16:08
 jo-jo
обонуна тийишпей эле койгулачыыы, эн соонун эле болуптур. Акбар умничкаааа.
10.10.2013. 19:00
 luluko
En sonun mazmynduu yr eken.Chygarmachylyk iygilik
10.10.2013. 23:12
 oimo_kg
Негизи Акбар актер болчу жайы бар.ырды да образ берип ырдаптыр. Режиссерлер эмнеге аны корбойт билбейм... Азаматсын ушул калыбындан жазбай,чыгармачылыгынды уланта бер. сени элдер сагынып калышты
15.10.2013. 03:56
 chayan
ырдын обонунда соз жок баракелде . а создун мааниси жонундо айтсак кайран биздин акын, сатирик Байдылда Сарногоевдин курч, мазмундуу ,ырларынын бири . ишине ийгилик .
22.12.2013. 23:05
 Hanzada
соонун ыр экен алга
25.12.2013. 12:30
 Erkin.kg
Ушул ыр бир гана Акбардын аткаруусунда коркуно келет, башка ырчылар! чыйылдап мыйылдап силер ырлабагыла.
19.02.2014. 19:27
 mr.cana
Азаматсынар! авторго да Рахмат. Сонун ыр...
17.09.2015. 01:14
 kasiet95
Ушул ырды бир гана Акбар байкемдин аткаруусунда уккум эле келе берет,ишинизди кудай колдоп,дайыма элибизге жакшы ырларынызды тартуулап журо бериниз....биз сиз менен сыймыктанабыз!!!
24.03.2016. 12:13
 Abaeva-1987
Бул ырды Роза Шакировага караганда Акбар Суйунбаев оз денгээлинде ырдаптыр. Клипи да мыкты!Азаматсын Алга!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: