Жанр:Поп
00:03:25
43,88 Мб
Жүктөлгөн: 08-10-2013
Сөзү:Л.Асанбекованыкы
Обону:Э.Орозованыкы
Асылым менин, ардагым айдай,
Арбаган мени жан элең кандай?
Жараткан берген жан биргем белең?
Сүйүүңө турам кумарым канбай.
Кайырма:
Сезимдин аруу ачкычы сенсиң,
Жүрөктүн сүйгөн жакшысы сенсиң.
Бир келген ушул өмүрүм өзүң көрктөп,
Бардыгы сенсиң, бактысы сенсиң.
Жарыгым менин, жайдары күлгөн,
Жан биргем, сени бир көрүп сүйгөм.
Жанымыдын жарымы сен белең, гүлүм?
Жанымда жүрсөң тептегиз дүйнөм.
Кайырма:
Сезимдин аруу ачкычы сенсиң,
Жүрөктүн сүйгөн жакшысы сенсиң.
Бир келген ушул өмүрүм өзүң көрктөп,
Бардыгы сенсиң, бактысы сенсиң.