Жүктөлгөн: 28-05-2014
Тартылган жылы: 2013
01:35:32
Жанр: Комедиялык мелодрама
Режиссёру: Сүйүн Откеев
Актёр-актрисалар: Темирлан Сманбеков, Шаршенбек Шейсенов, Дамир Абдраимов , Эгемберди Бекболиев , Айгерим Чыналы кызы , Бектемир Мамаюсупов , Саят Исембаев, Кудурет Тайчабаров, Амантур Мусаев, Кумар Абиров, Элдар Супатаев

"Миллиондук мелдеш" комедиялык мелодрамасы жалпы адамзатты кызыктырган, бирок жообу оңой менен табылбаган суроого жооп издейт.
Ал - жашоодо эмне күчтүү: Бийликпи, байлыкпы, кара күчпү же ак сөз, адал ишпи?
Ар бири өз тармагында ийгиликке жеткен, абройлуу төрт мырза сырдуу мелдешке бел байлашат. Алардын ар бири бирден жигит жалдашат жана шаардын эң сулуу кызына кимдин баласы биринчи болуп үйлөнсө, ошол жеңишке жетет. Баш байге 1 000 000 доллар. Оюнга ат салышкан жигиттерден бизнесмен Бекжан, студент Бакыт, ырчы Жан жана спортсмен Марат. Кимиси биринчи болуп сулуу Аруукенин жүрөгүн багындырат? Ким миллиондук утушка ээ болот? Мүмкүн, биздин жашообуз менен да бирөөлөр ойноп жаткандыр? Адамдын тагдыры өз колундабы же баарыбыз башка бирөөлөр тарабынан жазылган сценарийдин каармандарыбызбы?
Сени менен толук макулмун, кыз баарысы менен тен кете бергени бир аз туура эмес болуп калды корунот. Бирок, жалпылап караганда, бул тасма сапаттуу, мазмундуу болуптур. Азыркы убакта биринин аркасынан бири жаандан кийинки козу карындай болуп тартылып жаткан кино тасмалардын сапаты жагынан аксап жаткан убагы. Мен ишенем, бизде дагы кино тартуу жаатында чон озгоруулор жакынкы убакта болот, а биз жалан сапаттуу кыргыз кинолорун сыймыктануу менен коруп калабыз. Ийгилик!!!
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге купуя кат менен кененирээк жазып койсоӊуз? Рахмат!
ает
Kemchilikteri kop ele....Talanty bary dele, jogu dele kino tartyp, kinogo tusho beriship, kino korushtun kyzygy ketip baratkandai..............
Cаламатсызбы! Сунушуӊузга рахмат, аракет кылабыз.