Жүктөлгөн: 04-02-2015
Тартылган жылы: 2013
02:01:39
Жанр: Криминал, Драма
Режиссёру: Азамат Арыков
Актёр-актрисалар: Азамат Арыков, Бегай Салыбекова , Аскат Сулайманов, Муканбет Токтобаев

Тасма спортту таштаган мурунку боксчунун жашоосу тууралуу. Ал азыр ишкердин жан сакчысы болуп иштейт, бирок мындай жумушка чыдабай, аны таштоону чечет. Жетекчиси менен тил табыша албагандыктан, жетекчи ортого кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүн салып, анын бүт мүлкүн тартып алат. Эми башкы каарман турмуштун тоскоолдуктарын жеңиши керек. Али жумуш издеп Москвага кетет. Анын көзү менен сүйүктүү мекенин таштаган Москвадагы мекендештердин жашоосунун ачуу-таттуусун көрө аласыздар. Тасманын мазмунунда Кудайга болгон туруктуу ишеним, ал ишенимдин жардамы менен Али бүт тоскоолдуктарга карабай адамгерчиликтүү бойдон калары камтылган.
Силер кино тарткылачы биринчи.Анан МИНУСТУ баскыла. Ачуу чындыкты ачып берген. Кыргызстандагы жашооду да,Москвадагы турмушту да.Чынчынына келсек ушундай да. Озубкздун стройкада иштеген Бригадирлер озунун жердештерин алдап кетет. О.э чоон эжелер менен жаш балдар жашап алган.
Азамат байке азаматсыз. Ишинизге ийгилик. Уйбулонузго тынчтык каалайм.
Бирок Москвадагы кадрлар өтө эле аша чаап тартып коюптур,
Кемпир менен бала үйлөнгөн жерии, кухняда ичип отурушкан жери да туура эмес тартылган
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге купуя кат менен кененирээк жазып койсоңуз. рахмат!