Жүктөлгөн: 10-02-2015
Тартылган жылы: 2014
01:21:45
Жанр: Комедия
Режиссёру: Камила Абдил, Эльдияр Кененсаров
Продюсери: Камила Абдил, Эльдияр Кененсаров
Актёр-актрисалар: Ростислав Ященко, Эрмек Кененсаров

“Большие Люди.Жол Inclusive» тасмасы "Большие Люди" скетч шоусунун каармандары катышкан кинокомедия. Бакыт, Сары жана Санжар шоу көрүүчүлөрүнүн эсинде калгандай көчөдөгү банда эмес, чет элдик туристтерге кызмат көрсөтүүчү кичи, жеке бизнестин ээлери болууга жетишип калышкан болот. Эс алуучуларга жол көрсөтүп Кыргызстандын булуң бурчун кыдырган жигиттер мекенибиздин ушунчалык сулуу жана кооз экенин сезбей жүргөндөрүн түшүнүшөт. Муну менен катар чет элдик коноктордун алдында кыргыз калкын маданияттуу жана меймандос экендигин көрсөтүүгө аракет жасап бир топ адамдарга жардам берип коюшат. Тасма "Кыргызстан-асман тиреген тоолордун мекени" деген ураан менен жаралып, өлкөнүн турсисттик жактан өнүгүшүнө салым кошуп, патриоттуулукка жана чыныгы адамдык сапаттарды даңазалайт. Башкы ролдорду Эрмек Кененсаров жана Ростислав Ященко жараткан.