Жүктөлгөн: 05-09-2015
Тартылган жылы: 2011
01:16:31
Жанр: Драма
Режиссёру: Жамал Сейдакматова
Актёр-актрисалар: Жамал Сейдакматова, Кубан Камалов, Айдина Камчыбекова, Асель Нурлан кызы, , Нуриза Бурханова

Атасы каза болуп, апасы турмушка чыгып, 92 жаштагы чоң энесинин колунда калган кыз мектепти аяктаган соң шаарга келет. Театралдык институтка тапшырып, бир күнү группалаштары менен талаага кино тартканы барышат. Жаштардын тамашасы менен күлкү-каткырыгын кызга айтылган “чоң энең каза болду” деген суук кабар токтотот. Курбулары “жалгыз кантип жөнөтөт элек?” деп баары чогу барууну чечишет. Ошентип, окуялар уланып отуруп кыздын үйүнө жетишсе, каза болду деген чоң энеси бакта көлөкөлөп теспе тартып отурган болот...
Тасманын акырында бул топтогу балдардын баарынын жашоого болгон көз караштары өзгөрүп, таптакыр башка адам болуп кайтышат. Чоң эненин балдарга кандай таасир калтырып, ой жүгүртүүлөрүн өзгөртүүгө кантип жетишкендигин тасмадан гана көрүү керек.
Молодцы
Бугун эне спектаклын койгондо форманы кайдан тапты? Катачылыктар коп саноонун кажети жок. Корорман озу талдайт.