Жүктөлгөн: 30-09-2015
Тартылган жылы: 2015
01:01:28
Жанр: Лирикалык комедия
Режиссёру: Азамат Арыков
Продюсери: Нурлан Мамакеев
Актёр-актрисалар: Азамат Уланов, Эржан Осмонов, Марат Алышбаев, Улан Өмүралиев, Нишанбай Топчубаев, Айсалкын Осмонова, Чоро Думанаев, Табылды Актанов

"Ишен" тасмасынын башкы каарманы - 5-класстын окуучусу. Анын атасы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштесе, бир тууган агасы саясий партиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты. Тасмада парламенттик шайлоо чагылдырылып, анда айыл өкмөтүндө болгон окуялар көрсөтүлөт. Шайлоо алдындагы ыплас күрөш, саясатчылардын куру убадалары элеттик окуучунун көзү менен каралат. Негизги айта турган ой - добушту акчага сатпоо. Фильмдин жаратуучулары менен актёрлору тасма аркылуу "Кыргызстандыктар, замандаштар! Өлкөнүн өнүгүшү өзүбүздүн колубузда. Ошондуктан ар бир добуш маанилүү" деп калкка чакырык жасаган десе болчудай.