Жүктөлгөн: 19-01-2016
Тартылган жылы: 2014
00:35:05
Жанр: Кыска метраждуу тасма
Режиссёру: Жаңылай Исакова
Актёр-актрисалар: Айназик Жумгалбекова, Динара Идрис кызы, Фатима Расулбек кызы, Ырысгүл Кыдыралиева, Калича Сейдалиева

Тасма бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири - коомубузда таштанды балдардын көбөйүп жаткандыгы тууралуу. Мында балдар үйүндө чексиз кусалыкка батып, ата-энесин күн сайын, саат сайын күтүшкөн өспүрүм кыздар, жеңил ойлуу ата-энеден төрөлгөн Үмүт, апасы кокусунан түрмөгө түшүп калган кыялкеч кыз Кыял, аракеч ата-энеден тубаса майып болуп төрөлгөн Сезим, тагдырдын татаал тамашасы аркылуу апасы таштап кеткен Аянанын аянычтуу тагдырлары баяндалат. Бул тасма ар бир адамды аруулукка, жоопкерчиликке үндөйт.
Мандайыбызга эмне жазса ошону корот экенбиз. Мен дагы ата-эненин мээрине зармын, жетимчиликтин азабын коп эле тарттым, тартып деле келе жатам.
Тилегеним, "Кудайым ар бир бала оз ата-энеси менен бактылуу жашасын" дейм.
Айткандай, Сезим- Динара Идирис кызы- менин кесиптешимдин кызы.Азамат!!! Жакшы ойноптур, баары мыкты аткарышыптыр.
Саламатсызбы! Сиз сураган тасмалар азырынча кинотеатрларда көрсөтүлүүдө, мүмкүнчүлүк болгондо жүктөлөт.
арналып жазылган ЖАҢЫЛМАЧ
Жазуучу жаңылмач жазды,
Жаңылмач Жаңылга жакты.
Жаңылга жаңылмач жакса,
Жарайт жаңылмач жакшы.
Автор: Курманбек Ниязбеков.
Тарткан адамдарга чоң рахмат!