Жүктөлгөн: 22-03-2016
Тартылган жылы: 2015
01:23:15
Жанр: Тарыхый, Драма, Биография
Режиссёру: Алим Токторов
Актёр-актрисалар: Алим Токторов, Гоча Бекаури, Алымкул Исаков, Бекболсун Рахманкулов

Тасма Сталиндин кадры аталган Исхак Раззакович Раззаковдун 1945-50-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы, 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы жогорку кызматтарында иштеген учуларындагы айрым тарыхый олуттуу окуяларды сүрөттөйт. Сталин менен болгон жолугушуулары, ошол кездеги жогорку кызматтарда иштеген инсандардын образдары, бала чагы, аялы Рауза менен болгон күтүлбөгөн окуя, каршылаштарынын аны кызматтан кетирүүгө болгон аракеттери жана ошол жылдарга мүнөздүү болгон буюм-тайым, унаалардын фильмде көбүрөөк тартылышы көрүүчүнү кайдигер калтырбайт.
Азыркы бийликте ушундай таза инсандар болгондо Кыргызстан эчак эле.......
Мен азыр бир нерсе гана айта алам: Кыргыздын уучу куру эмес! Ушундай Элдин башын бийик которууго.Оз жанын,акыл эсин дареметин жумшап. Кыргызды бириктирип. Мин, мин жыл, кылым карытар эмгек жасап. Кыргыз улуттун сактоочулары бар экенине! Терен ишенемин!!!Бир бол!Кыр
Азыр Кыргызды дин аркылуу азгырган турктор, арабтар кобойду .Кыргыз Озунун Эне тилин, баатырын жана када салттын жээктей баштады! Эне тилин кемсинткендер толтура! Жигит намысы жана кыз намысын соз кылуунун кереги жок!!! Ошентсе адашпайлы! "Манас"ты туу тутуп, алдыга жылалы!
кыргыз элде коралбастык канда бар деген чын тура. бул кино чынында бийликте отургандарга жаралыптыр. режиссёр азамат