Жүктөлгөн: 20-10-2017
Тартылган жылы: 2016
01:36:40
Жанр: Комедия
Режиссёру: Нурлан Мирзаматов
Продюсери: Эрнист Уметалиев, Тимурлан Тилеков
Актёр-актрисалар: Чолпонай, Сайкал Садыбакасова, Адилет Оморов, Эркин Нурбаев, Назбийке Айдарова, Тимурлан Тилеков

Нурбек жана Асхат аттуу студенттер мыкты окуган Пери деген кызга ашык болуп калышат. Анын көңүлүн алуу үчүн буту ооруп жаткандай түр көрсөтүп, майыптар арабасына отуруп алат. Пери болсо анын буту ооруганына өзүн күнөөлүү сезип ага кам көрөт. Бул Асхатка жакпайт. Бирок ал Периге жагынуу үчүн Нурбекке жакшы мамиле жасайт. Асхат Нурбектин сырын билип, бирок өзүнүн депутат атасынын иши үчүн эч кимге билдирбей жүрөт. Майыптарга жардам көрсөтүүнү шылтоолоп студенттик кеңеш да мэриядан акча өндүрүүнү көздөй баштайт. "Мистер универ" сынагы өтүп жатканда сырдын баары ачыкка чыгат. Нурбек буту оорубаганын, жөн эле Периге жакын болуу үчүн ушундай ишке барганын айтат. Концерт өтүп, кино бактылуулук менен аяктайт.
Супер инфо тез тез эле кинолордон жуктоп тургулачы..!
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Кененирээк купуя кат менен жазып койсоңуз, рахмат.