Жүктөлгөн: 01-03-2018
Тартылган жылы: 2013
01:21:24
Жанр: Мелодрама
Режиссёру: Темир Бирназаров
Продюсери: Эмир Сарпашев, Темир Бирназаров
Актёр-актрисалар: Калипа Усенова, Артык Суюндуков

Жаш кыз улгайган, бай, бирок үй-бүлөлүү киши менен сүйүү мамилесинде болот. Ал өзү курактуу жигит менен да сүйлөшүп көрөт. Бирок андан көңүлү калганда кайра келет. Улгайган киши анын кайтып келгенине сүйүнөт. Ал учурда кыз кош бойлуу болуп калган эле. Кыздын апасы кабар алганы келсе кызы аны менен сүйлөшүүдөн баш тартат. Айласы түгөнгөн эне өзүнүн мурдагы сүйгөнүнө жардам сурап кайрылат. Ошондо гана бай киши өз канынан жаралган кызы бар экенин, дал ошол кызы менен сүйүү мамилесинде болгонун түшүнөт.