Жүктөлгөн: 30-10-2019
Тартылган жылы: 2019
00:16:18
Жанр: Даректүү
Режиссёру: Элдияр Бектемиров
Продюсери: Чынгыз Турдалиев

Ээрге коргошундай куюлуп, үзөңгүнү үзө тээп, төрөлгөндөн тартып ат тизгинин мыкчып, мыктылардын арасынан топ жарып чыгып, баатыр атанып, кас менен кармашып, жоо менен жоолашкандардын улуу эрдиги муундан муунга өтүп келсе, аталарынан уккандарын көкүрөгүнө көрөңгөлөтүп жүргөндөр, өз заманынын баатырларын санжырага салып, ооздон оозго өткөрүп, ушул күнгө жеткирген экен.
Торгой баатыр тууралуу тасма мына ушул санжырага негизделип тартылган.