00:01:45
20,06 Мб
Жүктөлгөн:
Автор :
Оператор :
12-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында Ленин РИИБине Жал кичи районунда жайгашкан №42-жатакананын 6-кабатынан 20 жаштагы түрк жаранынын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, 1993-жылы туулган Мехмед аттуу түрк жараны өз өмүрүнө кол салган. Ал Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунун студенти болчу.
"Жанында бирге жашаган курсташтарынын айтымында, саат 19:30дар чамасында Мехмед жуунуучу бөлмөгө кирип кеткен. Ал көпкө жоголуп кеткендиктен, аны менен бирге жашаган балдар жуунуучу бөлмөгө киришкенде Мехмедди мойнуна жип байланып жерде жаткан абалында көрүшкөн",- дейт Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын инспектору Олжобай Казабаев.
Ал эми жогоруда аталган окуу жайдын жатаканасынын жетекчилиги окуянын болгонун тастыктап, түрк жараны Кыргызстанга быйыл келип, окуп жатканын билдиришти.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.