00:01:12
13,72 Мб
Жүктөлгөн:
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Руслан Алыбаев
Нарында улгайган аял, Бишкекте улгайган эркек адам жаштар тарабынан сабалды. Адегенде “Элдик кабарга” Нарын шаарындагы мечиттин жанында чоң апаны кыздын башка-көзгө койгулап, жемелеп жаткандагы видеосу келген. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы апаны кызы сабагандыгы аныкталгандыгын билдирди. Көп өтпөй интернетке Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын улгайган жумушчусун айдоочу ур-токмокко алган видеосу тарады. Айдоочунун жоругу коомчулуктун кескин сынына кабылып, жазага тартууну талап кылышууда.