Cоңку кабар: Интернетте кытайларды союп салабыз деген видео тарады

00:00:52 16,8 Мб Жүктөлгөн:
Автор : Нургазы Аматов
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу


Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылында жергиликтүү тургундар аталган аймакка барган кытай улутундагы жарандарды союп салабыз деп коркутуп контейнерге камап коюшкан. Буга “кытай улутундагы адамдар Шамбесай алтын кенинде мыйзамсыз чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат” деген жүйө себеп болгон.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдиргендей, Шамбесайда эч кандай чалгындоо жана кен казуу иштери жүргүзүлбөйт, бул жерде түшүнбөстүк орун алган. Учурда окуяны милиция иликтеп жатат.
Эксперттердин эсеби боюнча, Шамбесай алтын кенинде 15 тонна алтын бар. Бул запастардын баасы 700 миллион долларга жетиши мүмкүн.


  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5




Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо