00:09:12
212,17 Мб
Жүктөлгөн:
Автор : Илим Туратбек уулу, Алтынай Тынышова
Оператор : Мухамадзиямидин Турдубек уулу, Мундуз Нурланбек уулу
"Кытай жарандары өлкөгө мыйзамсыз кирбесин". Мындай талап менен митингчилер борбордук аянтка чыгышты. Мындан тышкары алар чет элдиктерге Кыргыз жарандыгын берүүгө мораторий киргизүүнү жана мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну бийликтен талап кылышты.
Кытай границасын жапса, Кыргызстандын жарымы 2 жылдан кийин Россияга кочуп кетиши мумкун.
Кытай границасын жапса Дордой, Аламедин, Кара сууга окшогон чон базарларда иштегендер жумушсуз калышары талашсыз. Ошондо коробуз ушул митингчилер ошол базарчыларга кантип жумуш таап беришеер экен.
Кылтылдап кирер койнуңа,
Кылтагын илер мойнуңа.
Кызыкпа, журтум, кызыкпа,
Кытайдын кытмыр ойнуна.
Ашың жок болсо, ачка бол,
Алдыңдан изде башка жол.
Алданбай кара курсакка,
Ачылбай турган капка бол.
Кытайдын айттык баянын,
Кылыгын журтка жаямын.
Кылычсыз калбай кырылып,
Кылымдын көргүн аягын.
Кыргызым уккун ойгонуп,
Кызырдын берген аянын.
Калыгул Бай уулу.