00:04:00
73,24 Мб
Жүктөлгөн:
Автор : Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор : Батырбек Зарлыков
Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде, тагыраагы "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы “Антошка” аттуу тез тамактануучу жай бүгүн, 8-ноябрда өрттөнүп кетти. Тилсиз жоо болжол менен 13:40 чамасында башталган. Күбөлөр ал жерде газ баллон жарылганын, анын үнү алыска чейин угулуп, тез тамактануучу жайдагы адамдар сыртка качып чыгышканын айтышат.