Коом жана турмуш: Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

01:54:05 0 Мб Жүктөлгөн:
Автор : Гүлзада Абдрахманова
Оператор : Айбек Алиев


Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Кыргыз Маданиятында опол тоодой орду бар актриса катуу оорудан 16-февралга караган түнү каза болгон.
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы полиграф институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына актриса болуп кирген. Театрда иштеген көп жылдар аралыгында чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган. Мамлекеттик Токтогул атындагы, эл аралык "Руханият" сыйлыктарынын ээси. Египет, Колумбия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Бүткүл дүйнөдөгү түрк тилдүү өлкөлөрдүн Башкортостанда өткөн эл аралык фестивалында Гран-прини жеңип алган.


  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5




Комментарийлер(1)
Супер-Инфо
22.02.2021. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттыбубу тосуп алгандыр...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо