00:10:00
190,82 Мб
Жүктөлгөн:
Автор : Медина Найманова
Оператор : МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
Мындан 3 ай мурун интернетке 12 жашар баланын “апама жардам бергиле, ал кордолуп жатат” деген видео жарыяланган. Видеодо көзүнө жаш алган бала бирөөлөр апасына аёосуз кол салганын айтат. Ошол видеодон улам коомчулукта бала жана анын апасы ким, кайда жашашат, кандай тагдырга туш болгон деген кызыгуулар жаралган. Алар Казакстанда кордук көрүп жашап жүргөн мекендешибиз Роза Айтназарова жана анын эки баласы болуп чыккан. Алардын мекенине кайтып келгенине 2 ай болду. Роза айым бизге башынан өткөн тагдырын, учурдагы аянычтуу абалын баяндап берди.