Саясаттан кетем деген Бабанов депутаттык мандатын тапшыра элекЖүктөлгөн: 10-01-2018
00:54
9,04 Мб
Комментарийлер(1)
Jelezo
![]() Соңку кабар
10.01.2018. 10:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бабанов атын качан өзгөртөт болду экен, Текебаев Өмүрбек Чиркешович эгерде коркок болсоң атыңды өзгөртүп ал деп жети жыл мурун эле эскерткен экен
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Автор : Жылдыз Джускембаева
Оператор : Кайрат Сарбагышев
Мындан 11 күн мурда 30-декабрда Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал Борбордук шайлоо комиссиясына мандатын тапшыруу боюнча арызын бере элек. “Республика-Ата Журт” фракциясынын катчылыгы бул боюнча маалыматтары жоктугун билдиришти. Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткенден кийин бизнес менен алектенип, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бура турганы айтылган. Президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.
|
||
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "SUPER.KG ВИДЕО" бөлүмүнө кирди:
|