Президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүнө аталыш таап, байгеге ээ болуңузЖүктөлгөн: 06-08-2018
00:48
6,5 Мб
Автор : Нуржанат Медетбекова
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өткөн аптада Ысык-Көлдө эс алды. Бир жумага созулган эмгек өргүүсү аяктап, президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбековдун эс алуу учурундагы сүрөттөрүн жарыялады. Президенттин көлдүн жээгинде, кайыктын жанында жалгыз турган сүрөтү коомчулукта талкуу жаратты.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "SUPER.KG ВИДЕО" бөлүмүнө кирди:
|
2)Кыргызстанды туболуко башкарам чындыкты орнотом
Соке патриот имиш... Форумга барсан Сокенин "патриоттуулугун" бир бирден санап отушкон...
Мактаар бирин таапсын, баракелде...
Жалгыздыр бул дуйнодо асман гана. Жалгызсырап олтурамын ой-санаада. Жалбарып суранамын жараткандан,
Жардам берчи жан ооруган адамдарга.
Жээкте турам жалгыз калган кайыктай.
Толкуп турса кереметтүү Ысык-Көл,
Кантип анан басып кетем жөн жай гана алыстай.
Өлкөбүздү артка тартты байытпай.
Баары сатып жалгыз калды соңунда.
Жээктеги жалгыз калган кайыктай.
Көл толкуну шыбыр айтат атага.
Көл толкуну колун жайды батага.
Оо Сооронбай, сен да жалгыз каласың.
Ал жасаган каталарды жасаба.
Көл менен хан, достошкондой көрүнөт.
Хан менен көл, бир туугандай сезилет.
Адал иштеп, элин жерин сатпаса.
Хан досуна Али далай кезигет
Ысык-көлүм амансыңбы карегим.
Сырыңды ач суранам жок дебегин.
Бугумду угуп тунуктуктун сырын айт,
Бүт ааламга таанытайын сени мен.
Эми түптүз Ак-үйгө!
Кайда барсам эстен кетпей Ыйык жер
Кайыгында сузсөмдагы көлумду
Кайгыртпаймын кадырлаймын кыргыз эл
Теренине сузүп кирип кыялдын
Тердесемда жүгун артып турамын
Кучум жумшап кызмат кылып элиме
Толкундардан кучтүү алып жыямын
Билсе керек акынындын экенин
Алыкулду айтса бутпоз ыр кылып
Саптарынан ырдап алып кетемин
Айдын кундун нурун алып жүргөндур
Кучун жумшап кызмат кылган баатырлар
Кылымдардан кылымдарга сузгөндүр
Минус басып дагы деле койгондүр
Кара ташы батпай ташып ичине
Телефонду алып алып тойгондур
(сынакка)
Оо көлүм, кандай гана сулуу затың!
Ийилем хан болсом да улуу башым…
Нес болуп жээкке урулган толкундарың,
Негедир муңуң бардай туюласың…
Оо көлүм, билсең жолдор бөгөлүптүр,
Өлкөгө «өгөйлөр» көп төрөлүптүр…
Кумуңдай казынага уюп алып,
Кутурган паракорлор көбөйүптүр…
Күүлөнүп мезгил алга шашат закым,
Күндөрүм билинбестен батат бачым.
Карыны тойбос, зөөкүр уулдарыңды,
Канткенде тазалайм деп катат башым…
Мен келдим өлкөнүн жүгүн артып алып"
Ч. Айтматовдун "Ак кеме" повестиндеги Бала – келечектин символу болгон сыяктуу Президент да Кыргыз Республикасынын келечегинин символу болуп, эл үчүн иштеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошсун деп тилек кылалы.