|
Сөзү : Жылдызбек Алыбаевдики
Обону : Т.Асаналиевдики
Сүйдүм, мен сени кааладым,
Сезимди ыйык бааладым.
Сан сулуу кыздын ичинен,
Сүйүүмдү сага арнадым.
Суйкайган сулуу маралдай
Сүйгөнүм сенсиң Саадатым.
Ашыктык отун тутантып,
Ансайын күндө күч алып.
Ак куу болуп көлдөгү,
Алдымдан өтсөң суналып.
Армансыз өтөр бул жашоо,
Ак сүйүүм кетсе уланып.
Ааламдан издеп таба албас,
Адамдан сиздей жаралбас.
Ашыгын сыздап үн созот,
Антпесе сизге бара албас.
Ак куу болдуң, Саадатым,
Ак шумкар оңой ала албас.
Дегдеттиң мынча дүйнөдө,
Деги эле сен деп сүйлөбө.
Дендароо болдум сен үчүн,
Демиме муздак үйлөбө.
Добушуң чыкса сүйөм деп,
Доом жок жарык үйдөгү ээй.
Ат-Башымдын төрүндөй,
Арпанын Чатыр-Көлүндөй.
Арманда жүргөн Токоңду,
Азаптуу ойдон бүлүнбөй.
Аздектеп алчу өзүңсүң,
Ак шумкар кылып өкүнбөй.
Туурасын айтам сөзүмдүн,
Тапканым сенсиң өзүмдүн.
Турмушту бирге уласак,
Таттуусу болор өмүрдүн.
Теңирге айтам рахмат,
Тазасы болчу көңүлдүн.
Татынам Саадат, алтыным,
Теңим сен жалгыз өзүмдүн.
Ырларым чыгып сен менен,
Ышкылуу жаштык дем менен.
Ыйманың артык башкача,
Ырыстуу затсың пендеден.
Ышкыдар сендей сулууну,
Ырдабай койчу мен белем?
Мен үчүн бийик сен болдуң,
Махабат дайра сел болдуң
Муңканып канча күн өттү?
Муңайтпас күлкү, бел болдуң.
Миңи бар сулуу кыздардан,
Мен үчүн жалгыз гүл болдуң.
Миң сырдуу жалган дүйнөдө,
Мени менен Саадат бир болгун.
Сөзү : Зайырбек Ажыматовдуку
Обону : Элмирбек Иманалиевдики
Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлүң бизге үндөшпөй.
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы сенин кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай,
Солуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат, эй, нөшөр аянбай.
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?
Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?
Сөзү : Саид Бекмуратовдуку
Сөзү : Б.Абакировдуку
Обону : Ж.Шералиевдики
Күндө бир күндө кездешем,
Күлө бир карап беттешем.
Оорулуу болуп жүрбөйүн,
Ойдогу сырды чечпесең.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Карап койчу жылмайып.
Басып өттүк, кыр калды,
Балалык бизден уурдалды.
Өмүр кыска, жол узун,
Өткөрбөйлүк кырдаалды.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Карап койчу жылмайып.
Карыйбыз улам күн өтсө,
Кабакка булут түнөтпө.
Туйдуң бекен, жок бекен,
Турганың дайым жүрөктө.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Карап койчу жылмайып.
Кебездей жумшак мүнөзүң,
Келтирет бакыт күбөсүн.
Калыптанган эмедей,
Каректе калды сүрөтүң.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Күлүп койчу жылмайып.
Ай нуру бизге төгүлдү,
Алтыным аччы көңүлдү.
Ардактап жүрүп өтөлү,
Алдыда турган өмүрдү.
Күн нуру бизге төгүлдү,
Күмүшүм аччы көңүлдү
Гүлдөтүп жүрүп өтөлү,
Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү.
Жалбырак учуп дирилдеп,
Жабыккан түрүн билдирет
Жашылдуу кезде жайнайлы,
Жашообуз канча ким билет.
Алыска кетем эл үчүн,
Айланып келем сен үчүн.
Атайы ырдап жүрөгөр
Асылкеч курбум мен үчүн.
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : К.Таштаналиеваныкы
Жайнап турган жүзүңдү кызыл тору,
Жакшы көрүп калдымбы ушул жолу.
Сен тарапка созулуп бараткансыйт,
Чубалжыган үмүттүн узун жолу.
Үзүлбөгөн үмүттүн узун жолу.
Жылт деп учкан жылдыздай көз ирмемде,
Жылмайганың калыптыр сезимдерде.
Жоболоңдуу көңүлүм сендик болуп,
Жок дегенди унуттум өзүм неге.
Ууртуңдун бир жолу жылмайганы,
Унутулбай ушинтип ырга айланды.
Күлгөнүңдөн жаз келип күтүлбөгөн,
Гүлгө оронду көңүлдүн жылгалары.
Гүлгө оронду сезимдин жылгалары.
Арбап турса жамалың кызыл тору,
Ашыгымды таптымбы ушул жолу.
Алып-учуп сен жакка бараткансыйт,
Чубалжыган үмүттүн узун жолу.
Үзүлбөгөн үмүттүн узун жолу.
Түгөнбөгөн үмүттүн узун жолу.
Сөзү : Ф.Абдалованыкы
Күндөрү өтпөй кыштын,
Сагындым жаздын жытын.
Санааркап басып жүрөм,
Сайрашын күтүп куштун.
Кайырма:
Агарган ак булуттар,
Жашоого жамгыр сунаар.
Сагындым жазым сени,
Кабар бер жаштыгымдан.
Жаштыгым кайрып берчи,
Ак сүйүүм ала келчи,
Жазым менин...
Эңседим жазым сени,
Эңседим назым сени.
Көктөмүм көрүнчү эми,
Көңүлүм үшүп кетти.
Кайырма:
Жаңы жаз бактым болчу,
Күн күлүп айым толчу.
Жанымды келээр жазым,
Жан сүйөөр жанга кошчу.
Кайырма:
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.
Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.
Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Жолукчу мага, периштем.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.
Түшүмө кирчи, периштем.
|