|
Обону : Калыйбек Тагаевдики
Шамал минсең жетпейсиң,
Санаа менен өмүргө.
Санасаң санаа бөлүнөт,
Өмүр менен өлүмгө.
Булут минсең жетпейсиң,
Мурунку өткөн чагыңа.
Муунуң кетип карыса,
Ажал келет башыңа.
Алтындан кээжим тор түйүп,
Алганың калат бул жайда.
Алтын чырай, нур сөөлөт,
Арзыган калат бул жайда.
Күмүштөн кээжим тор түйүп,
Күйгөнүң калат бул жайда.
Күмүш чырай, нур дөөлөт,
Күткөнүң калат бул жайда.
Бул жалганчы дүйнөнүн,
Өлүмү ушундай куу жайда.
Беш тогоол болбой жай болбойт,
Пейли тар киши бай болбойт.
Көп болуп жылдыз ай болбойт,
Көөнү тар адам бай болбойт.
Шагылы болбой зоо болбойт,
Шайыры болбой эл болбойт.
Пейили жакшы кем болбойт,
Этекти кессең жең болбойт.
Желкени кессең тон болбойт,
Жеткилең бийик жол болбойт.
Ыргайдан катуу шиш болбойт,
Тууганың катуу болгон соң,
Мындан бир кыйын иш болбойт.
Арык койдун терисин,
Алты ашатсаң ий болбойт.
Атадан жаман тууганды,
Ак кийизге салдырып,
Көтөргөн менен бий болбойт.
Теректин түбү тыт болот,
Жаман киши кырс болот.
Каарына чындап алганда,
Ак жайдын күнү жут болот.
Жаман менен дос болсоң,
Акыры бир күн кас болот.
Жакшыны мээнет чырмаса,
Жакыны менен кас болот.
Баланы мээнет чырмаса,
Сары карт чыгып таз болот.
Ат жакшысы боз болот,
Алганы жакшы жолукса,
Атасы душман – дос болот.
Бул дүйнөдө не карып?
Замандашы болбосо,
Карыя болор тез карып.
Эл жакалай конбосо,
Бетегелүү бел карып.
Каз-өрдөгү болбосо,
Айдыңы чалкар көл карып.
Айтып жүрөм ар кимге,
Аңгеме кылып мен карып.
Ойлосом сыздап ичимден,
Оюмда да жүргөн кишим сен.
Сүйкүмүң, ай, көздө, жүрөктө,
Сүйүүмдү мен кантип билгизем?
Жаштыктын кандай учуру,
Жалындап күйөм утуру.
Деңиздей ташкан сүйүүнүн,
Деги укмуш, ай, тура кызыгы.
Өзгөчө сүйүп, жалжалым,
Өзүмдү мен сага арнадым.
Өчпөстөн жансын махабат,
Өзүң бил, ай, эми ары жагын.
Өзүң бил, ай, эми калганын.
Сөзү : Насирдин Байтемировдуку
Обону : Бектемир Эгинчиевдики
Таңда бир гана Чолпон, оо, өңдөнүп,
Жаркылдап сүйкүм күлүшүң.
Жыргаткан, бозой, мүнөзүң,
О, чиркин, жаштыктын алтын гүлүсүң.
Акылың тунук булактай,
Аркар көз күйгөн чырактай.
Эмгекке бирге баратсак,
О, чиркин, калбастыр арман тырмактай.
Мен булбул гана таңда таңшыган,
Сен бир гүл тоодо аңкыган.
Абадагы, ээ-эй, сен Чолпон,
О, айдай бир жүзүң балкыган.
Өмүрдүн алыс сапарын,
Айдасак деймин кайыгын.
Жашоого мүрөк көлүнүн,
Кармасак алтын балыгын.
Жыргалда ойноп-күлүп ал,
Жыргасын гүлдөй өмүрүң.
Азыркы шайыр, ээ-эй, турмушта,
О, чиркин, гүлдөсүн асыл өмүрүң.
Сөзү : Жанышбек Кочкоровдуку
Обону : Жанышбек Кочкоровдуку
Сагындырба
Сагындырба, сагынбайын,
Сени күтүп зарыгамын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карегиңден кагылайын.
Өткөн күндү эстедиңби?
Жүрөгүмдү эзбедиңби?
Көрбөй калсам сагынчу элем,
Карагаттай көздөрүңдү.
Жолукканда тайсалдайсың,
Сырымды мен айта албаймын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Маралдайым, аркардайым.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Маралдайым, аркардайым.
Сагындырба, сагынбайын.
Балбылдашың мага карап,
Өткөн күндү эске салат.
Байкатпастан келсең боло,
Атаганат, атаганат.
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Канымгүл Досмамбетованыкы
Жылкы айдап үрөң-бараңдан,
Жылганы бойлой баратсам.
Жайлоонун салкын абасы,
Эркелейт согуп алдыртан.
Көңүлгө сиңген гүл жыты, ай,
Көркөмү менен мас кылган.
Ашуу-Төр менен Чолок-Төр,
Эңседим сени сагынып.
Жадырап өскөн гүлдөрүң,
Жакама үзүп тагынып.
Обонун созсоң бөлүшчү,
Аскаңан чыккан жаңырык.
Тоодогу өткөн балалык,
Тобулгу, чикит чабышып.
Бир күндө он жолу урушсак,
Он жолу кайра табышып.
Куушуп оюн салчу элек,
Кулундар менен жарышып.
Ойноп бир күлгөн күндөрүм,
Бүлбүлдөп узап баратат.
Кыйылып турам кош дебей,
Кымбаттуу курбум, бала чак.
Мен тойбос жаштык кезимди,
Мезгилим колдон талашат.
Сөзү : А.Токтогуловдуку
Обону : Т.Казакбаевдики
Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.
Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толкуп тең келбедим өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.
Кайырма:
Кабыл албай менин айткан сөзүмдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.
Кайырма:
Сөзү : Доктурбай Урмамбетовдуку
Обону : Доктурбай Урмамбетовдуку
Бирге жүрүп кетип калдың уурданып,
Билгениң жок калганымды ууланып.
Түгөйүнөн түк ажырап калганга,
Жүрөк ыйлайт, жүрөк сыздайт муңканып.
Жайлоо гүлүн терип жүрүп кубанып,
Кеттиң, жаным, калдым өңүм кубарып.
Жыттап алып ошол түркүн гүлдөрдү,
Жүрөк ыйлайт, жүрөк сыздайт муңканып.
Чырак өңдүү жанып турсаң нурданып,
Жыргаар элем кирпигимден нур жанып.
Андагы нур, ал кездеги күлкү жок,
Жүрөк ыйлайт, жүрөк сыздайт муңканып.
Сөзү : Абзий Кыдыровдуку
Обону : Э.Муканбетов
Сүйгөн элем мен сени, сүйгөн элем,
Жалыныңа жалбырттап күйгөн элем.
Кубулжуган үнүңдү, келбетиңди,
Медер кылып жүрөккө жүргөн элем.
Кайырма:
Сүйлөгөндө сөзүмдөсүң, Сайрагүл,
Караганда көзүмдөсүң, Сайрагүл.
Жатсам-турсам оюмдасың,
Миң элестеп баскан кезде жолумдасың, Сайрагүл.
Абайлабай айтканым кеттиң алыс,
Азап болду ажырап мында калыш.
Жабыкпасын жаш жүрөк жалгыздыкта,
Өзүң сайрап өмүрдүн күүсүн чалыш.
Ойгономун ар убак атыңды атап,
Кыйналамын кыялга башым чатап.
Менден алыс жүрсө да гүл элесиң,
Шыктандырат эмгекке бирге жашап.
Сөзү : С.Жигитовдуку
Обону : А.Атабаевдики
Сөзү : Шекербек Шеркуловдуку
Обону : Шекербек Шеркуловдуку
Арзыкан, Алайдан чыккан сулуусуң,
Арзыкан, агарган таңдын нурусуң.
Кызыгып кыздар таккандай,
Кызыл бермет шурусуң.
Айылыбыз бирге болбогон,
Алыскы жериң курусун.
Арзыкан, көңүлүң жумшак жаздайсың,
Арзыкан, пейилиң келгин каздайсың.
Көйкөлүп басып жүргөнүң,
Көлдөгү сүзгөн каздайсың.
Көңүлдөш курбуң мен турсам,
Көңүлсүз кимди наздайсың?
Арзыкан, ак булбул конуп сайраган,
Аралаш кайың тал болсоң.
Аянбай ичип ийгендей,
Аякка куйган бал болсоң.
Алышып ойноп жүрүүгө,
Айылыбыз жакын жар болсоң.
Токоюм бойлоп баратсам,
Суктантып көздү караткан.
Алыстан келген адамдар, ий,
Кеткисиң ай келбейт ай-ий Таластан.
Береке нурун сепкен жер,
Каныкей жашын төккөн жер.
Хан Бакай, Кошой баш болуп,
Кабылан ай Манас ай-ий өткөн жер.
Ак шумкар сызып учкан жер,
Атагын дүйнө уккан жер.
Чокусу бийик Таластын,
Чолпонбай ай Чыңгыз ай-ий чыккан жер.
Ак чөлмөк ойноп тан аткан,
Айлуу түн бизге жарашкан.
Канчалык ойноп күлсөм да эй,
Кумарым ай канбайт ай-ий Таластан
Сөзү : Жолочу Рысбаевдики
Обону : Адылжан Абдуллаевдики
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз жар-жар.
Алтын ордо гүл бакча,
Калалуу бол жар-жар.
Артыңардан ээрчиткен,
Балалуу бол жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн жар-жар.
Асманга учсун куш болуп,
Ак тилегиң жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун жар-жар.
Ырыс алды – ынтымак,
Билип жүргүн жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн жар-жар.
Ак булуттан себилген,
Кар болгула жар-жар.
Дайым ушул жашоодо,
Бар болгула жар-жар.
Сөзү : Шаршен Термечиковдуку
Обону : Шаршен Термечиковдуку
Чайга салган кантың бар,
Же чайкаласың, баркың бар.
Чайкаласың, жайкаласың,
Чай өзүңө талпынган.
Кайырма:
Келсеңчи, күлсөңчү,
Ойносоңчу, жүрсөңчү.
Ой, ашык Дилбар, ой,
Көңүлүм деле сенде да, ой.
Стаканда кантың бар,
Же ыргаласың, баркың бар.
Ыргаласың, жыргаласың,
Ышкылуусуң талпынган.
Кайырма:
Келсеңчи, күлсөңчү,
Ойносоңчу, жүрсөңчү.
Ой, ашык Дилбар, ой,
Көңүлүм деле сенде да, ой.
Пиялада кантың бар,
Же билимдүүсүң, баркың бар.
Билимдүүсүң, илимдүүсүң,
Калгым келбейт артыңдан.
Кайырма:
|