|
Сөзү : Жусуп Турусбековдуку
Обону : Атай Огонбаевдики
Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайдары селки эсимде.
Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сыры тереңдеп.
Агарып тоодон таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан.
Антташкан күндөр эсимде,
Кыйышпай күлө карашкан.
Сөзү : Абдрашит Бердибаевдики
Обону : Абдрашит Бердибаевдики
Суюлуп жылдыз бириндеп,
Суу ылдый шамал дирилдеп.
Айылдын асты терең сай,
Ташыган өзөн күрүлдөп.
Өзөндү бойлоп келатсам,
Алдымдан чыктың күлүңдөп.
Сыдырым соккон жел менен,
Саамай чачың сеңселтип.
Жанымда турсаң буралып,
Жалындайт жүрөк энтелеп.
Жароокерсиң алтыным,
Жаш баладай эркелеп.
Эзилип сүйгөн жалжалым,
Эсимде сенсиң ар дайым.
Эсенсизби агай деп,
Ийилип колдон кармадың.
Белегим сага ушул деп,
Белестин гүлүн арнадың.
Аңгыча чочуп ойгонсом,
Өңүмдө эмес түш экен.
Капилеттен көргөн бул түшүм,
Каалаган селким өзү экен.
Унутпай эстеп жүрсүн деп,
Урматтап айткан сөз экен.
Сөзү : Муса Баетовдуку
Обону : Муса Баетовдуку
Сөзү : Исрадин Аманбаев
Обону : Исрадин Аманбаев
Сөзү : Ж.Мамытов
Обону : Ж.Шамшиев
Сөзү : Насирдин Байтемировдуку
Обону : Бектемир Эгинчиевдики
Таңдагы гана чолпон оо, өңдөнүп,
Жаркылдап сүйкүм күлүшүң.
Жыргаткан бозой мүнөзүң,
О чиркин, жаштыктын жыпар гүлүсүң.
Акылың тунук булактай,
Аркар көз күйгөн чырактай.
Эмгекте бирге баратсак,
О чиркин, калбастыр арман тырмактай.
Мен булбул гана таңда шаңшыган,
Сен бир гүл тоодо аңкыган.
Абадагы ээ-эй сен чолпон,
О,чиркин айдай жүзүң балкыган.
Өмүрдүн алыс сапарын,
Айдасак деймин кайыгын.
Жаштыктын алтын көлүнөн,
Кармасак алтын балыгын.
Сөзү : Ж.Шамшиевдики
Обону : Ж.Шамшиевдики
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : Ж.Шамшиевдики
Сөзү : Ж.Шамшиеадики
Обону : Ж.Шамшиеадики
Жүрөгүм көрүп элжирей
Жүрөгүң эргүү берчүдөй.
Сүйүнүч коштойт алдыга,
Сүйүүнүн гүлүн терчүдөй.
Балкыды денем белгисиз,
Балбылдап улам, бак-таалай келчүдөй.
Балбылдап улам, балбылдап улам
Бак-таалай келчүдөй
Сезимге түшүп кыялың,
Сен десем ойго тунамын.
Бал таттуу мукам үнүңдү,
Бассам да турсам угамын.
Жанашып бирге өткөрсөк,
Өмүрдүн куунак, шат күлкү убагын.
Өмүрдүн куунак, өмүрдүн куунак,
Өмүрдүн күлгүн убагын.
Сөзү : А.Сатаркулов
Обону : Ж.Шамшиев
Сөзү : Ф.Онгарсынованыкы
Обону : Ж.Шамшиевдики
Сөзү : К.Артыкбаевдики
Обону : Ж.Шамшиевдики
Сөзү : Ж.Шамшиевдики
Обону : Ж.Шамшиевдики
Сөзү : А.Жумалиевдики
Обону : Ж.Шамшиевдики
Сөзү : С.Жусуевдики
Обону : Ж.Шамшиевдики
Сөзү : К.Маликовдуку
Обону : Элдики
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : С.Жумалиевдики
|