|
Сөзү : Сыймык Бейшекеев
Обону : Сыймык Бейшекеев
Сөзү : М.Тураеваныкы
Обону : А.Жайнаковдуку
Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.
Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалда ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Айлуу түнгө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздардын терели чачыласын
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.
Сүйүү болду тапканым, бирок сага айтпадым,
Акыр бир күн билер деп сыр сандыгың ачпадым.
Акыр бир күн билер деп сыр сандыгың ачпадым.
Калды менин катканым, куттуу болсун тапканың.
Табышмактуу сырымды сен таңуулсам таппадың.
Табышмактуу сырымды сен таңуулсам таппадың.
Сүйүү болду тапканым, бирок сага айтпадым,
Ошол күндөн бул күнгө мен сүйүүдөн ачкамын.
Ошол күндөн бул күнгө мен сүйүүдөн ачкамын.
Бирин-бири муңкантса миң ыйлаган адамзат,
Жаман ойду тутанттып, дил ыйлаган адамзат.
Жаман ойду башыңдан тазалачы адамзат,
Жаман курал жаракты сен жасабачы адамзат.
Байлык үчүн баш уруп, көзү күйгөн адамзат,
Жаман ойду тутанттып, өзү күйгөн адамзат.
Мезгилинен бир кыйла ашып келет,
Бир тилектеш болууга шашып келчи, адазат.
Ырыскылуу болууга тең бололу адамзат,
Ынтымактуу болууга бир бололу адамзат.
Сөзү : Элдики
Обону : Элдики
Сары-Ойдун салкын тоосунан,
Сагызган учат зоосунан.
Санаама алып издесем,
Кантейин, таба албай койдум ордунан.
Көк-Ойдун көркөм тоосунан,
Көгүчкөн учат зоосунан.
Көңүлгө алып издесем,
Кантейин, көрө албай койдум ордунан.
Салкындуу жерге, Сары-Ойго,
Сагызган келип конбойбу?
Зарлантып мени койгуча,
Кантейин, санаалаш болсоң болбойбу...
Сөзү : Муса Баетовдуку
Обону : Муса Баетовдуку
Атыңды угуп алыстан,
Айылыңдан чоочуйм барыштан.
Ашыктык оту желимдей,
Ансайын мага жабышкан.
Аман бол кайта көргөнчө,
Асылкеч курбум, Даанышман.
Азабы калбас жүрөктө,
Арзыган күнү таанышсам.
Кабарың угуп алыстан,
Калкыңдан чоочуйм барыштан.
Ашыктык отун күйгүзүп,
Кайгыртып мага жабышкан.
Кош болгун кайра көргөнчө,
Кадыркеч курбум, Даанышман.
Капасы калбай жүрөктө,
Каалаган күнү таанышсам.
Сөзү : Жылдызбек Алыбаевдики
Обону : Т.Асаналиевдики
Сүйдүм, мен сени кааладым,
Сезимди ыйык бааладым.
Сан сулуу кыздын ичинен,
Сүйүүмдү сага арнадым.
Суйкайган сулуу маралдай
Сүйгөнүм сенсиң Саадатым.
Ашыктык отун тутантып,
Ансайын күндө күч алып.
Ак куу болуп көлдөгү,
Алдымдан өтсөң суналып.
Армансыз өтөр бул жашоо,
Ак сүйүүм кетсе уланып.
Ааламдан издеп таба албас,
Адамдан сиздей жаралбас.
Ашыгын сыздап үн созот,
Антпесе сизге бара албас.
Ак куу болдуң, Саадатым,
Ак шумкар оңой ала албас.
Дегдеттиң мынча дүйнөдө,
Деги эле сен деп сүйлөбө.
Дендароо болдум сен үчүн,
Демиме муздак үйлөбө.
Добушуң чыкса сүйөм деп,
Доом жок жарык үйдөгү ээй.
Ат-Башымдын төрүндөй,
Арпанын Чатыр-Көлүндөй.
Арманда жүргөн Токоңду,
Азаптуу ойдон бүлүнбөй.
Аздектеп алчу өзүңсүң,
Ак шумкар кылып өкүнбөй.
Туурасын айтам сөзүмдүн,
Тапканым сенсиң өзүмдүн.
Турмушту бирге уласак,
Таттуусу болор өмүрдүн.
Теңирге айтам рахмат,
Тазасы болчу көңүлдүн.
Татынам Саадат, алтыным,
Теңим сен жалгыз өзүмдүн.
Ырларым чыгып сен менен,
Ышкылуу жаштык дем менен.
Ыйманың артык башкача,
Ырыстуу затсың пендеден.
Ышкыдар сендей сулууну,
Ырдабай койчу мен белем?
Мен үчүн бийик сен болдуң,
Махабат дайра сел болдуң
Муңканып канча күн өттү?
Муңайтпас күлкү, бел болдуң.
Миңи бар сулуу кыздардан,
Мен үчүн жалгыз гүл болдуң.
Миң сырдуу жалган дүйнөдө,
Мени менен Саадат бир болгун.
Сөзү : Зайырбек Ажыматовдуку
Обону : Элмирбек Иманалиевдики
Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлүң бизге үндөшпөй.
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы сенин кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай,
Солуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат, эй, нөшөр аянбай.
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?
Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?
|